69 жаш курагында көз жумган кыргызстандык белгилүү журналист Ольга Дзюбенконун сөөгү 23-декабрда Бишкекте жерге берилди. Журналист менен коштошуу аземине өкмөт өкүлдөрү, кесиптештери, жакындары жана замандаштары катышты. Журналист 21-декабрда көз жумган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ольга Дзюбенконун үй-бүлөсүнө барып, жакындарына көңүл айтып, маркумдун уулуна резервдик фондунан бөлүнгөн 100 миң сом өлчөмүндөгү каржылык каражатты тапшырды.
Дзюбенко көп жылдар бою Reuters агенттигинин Кыргызстандагы кабарчысы болуп иштеген. Кесиптештери анын чебер калемгер катары кыргыз журналистикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы зор болгонун белгилешүүдө.