Германиядан иммиграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн депортация болгон тажик активисти Билол Курбоналиев Дүйшөмбүгө келгенде кармалды.
Бул тууралуу анын жакындары 22-декабрда билдиришти. Алардын айтымында, активист Тажикстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилген.
Курбоналиев быйыл октябрда Германиянын Хоф шаарында туруктуу жашоо эрежесин бузганы үчүн кармалган.
"Группа 24" кыймылынын мүчөсү Билол Курбоналиев Германияда качкын макамын алып, бул өлкөдө 2022-жылдан бери жашап келген. Ал быйыл сентябрда Эмомали Рахмондун Германияга сапарына каршы нааразылык акциясына катышкан.
Буга чейин аталган кыймыл Курбоналиев тажик түрмөсүндө кыйноолорго кабылышы мүмкүн экенин билдирип, немис бийлигин аны мекенине экстрадициялабоого чакырган.
Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Тажикстанда жарандык коомго кысым болуп жатканына тынчсыздануусун билдирип келет.
Былтыр Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн 100 чакты киши экстрадиция болгон. Алардын 18и терроризмге жана экстремизмге айыпталган, бир нечеси абакка кесилген.
Дагы караңыз
Кыргызстан менен Тажикстан чек арада дагы 11,88 чакырымды макулдаштыГазада Израил менен ХАМАСтын согушунда өлгөндөр 20 миңден аштыБайден АКШнын коргонуу бюджетине кол койдуКыргызстанда 21-сентябрь Жусуп Баласагын күнү деп бекитилди