Аба ырайы: кар жаабайт, жолдор тайгак болот

Кыргызстан.

24-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19…-24, күндүз -3…+8;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…+2°, күндүзгү жогорку температурасы 14…16° жылуу болот.

Дагы караңыз

Чехия аза күтүүдөГазада Израил менен ХАМАСтын согушунда өлгөндөр 20 миңден аштыБайден АКШнын коргонуу бюджетине кол койду