7-октябрдан кийин башталган Израил армиясынын аскердик операциясынан бери Газада 20 миң адам көз жумду. Бул тууралуу 22-декабрда ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Израил армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесин бомбалоону улантууда. Алар операциясын күч алдырганы, карапайым палестиндердин арасындагы жоготуулар, үй-жайсыз, ачка калган элдин саны күн санап өскөнү өкмөттөр, эл аралык уюмдар гуманитардык абалга тынчсыздануусун билдирип келет.
ЦАХАЛ жихадчылардын инфратүзүмүнө гана кол салганын айтып, ХАМАСтын Газа тилкесиндеги калктуу конуштарга буталарды койгон деп айтып келет.
Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жердеги операция башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын билдирген.
Дагы караңыз
Украина: аягы көрүнбөгөн согуш, дүйнөнү каптаган кымбатчылыкБайден АКШнын коргонуу бюджетине кол койдуКыргызстанда 21-сентябрь Жусуп Баласагын күнү деп бекитилди