Прагадагы университетте болгон кандуу кол салууга байланыштуу Чехия 23-декабрда аза күтүүдө. Бул күнү өлкө аймагындагы желектер түшүрүлүп, аза күтүү өтүп жатат.
21-декабрда Чехиянын борборундагы Карлов университетинин 24 жаштагы студенти ок атып, 14 адам мерт болгон. Кийин шектүү да өлгөнү аныкталган. Өлгөндөрдүн баары чехиялыктар экени айтылууда. Ок атууда 25 адам жараат алган, анын экөө Бириккен Араб Эмирликтеринин, бирөө Нидерланддын жараны экени маалымдалды. Бул Чехияда акыркы жылдардагы эң кандуу окуя катары бааланууда.
1348-жылы негизделген Карлов университети дүйнөдөгү жана Чехиядагы алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири. Анда 50 миңден ашуун студент билим алат.
Чех полициясы кылмышка шектүү Давид К. аттуу киши 15-декабрда Праганын четиндеги токой паркында болгон дагы бир резонанстуу киши өлтүрүүгө катыштыгы болушу мүмкүн деп билдирди. Анда 32 жаштагы эркек киши жана эки айлык бала каза болгон.
Дагы караңыз
Газада Израил менен ХАМАСтын согушунда өлгөндөр 20 миңден аштыКыргызстанда 21-сентябрь Жусуп Баласагын күнү деп бекитилдиБайден АКШнын коргонуу бюджетине кол койду