Бишкекте тиш догдурда чарчап калган наристе боюнча териштирүү башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте стоматологиялык клиникалардын биринде үч жашар кыз чарчап калган окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүлгөнүн 21-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Клиника убактылуу жабылганы, соттук-медициналык экспертиза дайындалганы белгилүү болду.

Наристенин өлүмү тууралуу маалымат Facebook аркылуу адвокат Канат Хасанов 21-декабрда түз эфир уюштургандан кийин билинип, талкууга түшкөн. Адвокаттын видеосунда наристенин атасы, чоң энеси сүйлөгөн. Алар баланын өлүмү үчүн дарыгерлерди айыптап, жазага тартууну бийликтен суранышкан.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага "Севоран" дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

Кыргызстанда мамлекеттик тиш дарылоочу бейтапканалардан тышкары менчик клиникалар да абдан көбөйдү. Соңку жылдары балдарды атайын наркоз менен бир нече саатка уктатып, тишин тазалаткан кызмат сунуштала баштаган.

Дагы караңыз

Армения орусиялык телеканалды көрсөтүүчү радиостанциянын лицензиясын убактылуу токтоттуПрагада университеттеги куралдуу кол салуудан ондон ашык киши каза болду 21-декабрь: Тууну өзгөртүүгө каршылык, Прагадагы кол салууКытайга каттаган айдоочулар кайра акцияга чыкты