Орус соту Google компаниясын согуш тууралуу материалды албаганы үчүн айыпка жыкты

Москва шаарынын Таган райондук соту Google компаниясын 4,6 млрд рубль (50,8 млн доллар) айыпка жыкты. Компания YouTube платформасынан Орусияда тыюу салынган материалдарды албаганы үчүн айыптуу деп табылган. Бул тууралуу орусиялык "РИА Новости" агенттиги кабарлады

Иштин материалдарында айтылгандай, компанияга каршы протокол түзүүгө "Украинадагы согуш (Орусия аны атайын аскердик операция деп атайт) тууралуу жалган маалымат делген, ЛГБТ өкүлдөрүнүн пропагандасы жана экстремисттик мазмун камтылган видеолор негиз болгон".

Корпорациянын өкүлү соттон ишти кырскартууну өтүндү.

ТАСС Google компаниясына буга чейин материалдарды албаганы үчүн үч жолу айып пул салынганын билдирди.

Дагы караңыз

ОШ: Кытайга жүк ташыган ондогон айдоочу митингге чыкты Пакистан жана Иран абактагы оогандарды мекенине жөнөттү