18-декабрь: АКШ виза мөөнөтүн узартат, Израилге басым күчөдү

АКШнун туусу.

18-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

АКШ кыргыз жарандарына берилген визанын мөөнөтүн узартат

АКШ 2024-жылдан баштап Кыргызстандын жарандарына берилген визанын мөөнөтүн беш жылдан 10 жылга узартып, баасын 205 доллардан 185 долларга түшүрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев билдирди. Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргызстандыктарга виза алуу үчүн күткөн убакытты эки жылдан 60 күнгө азайтуу чечимин кабыл алган. Азырынча АКШнын Бишкектеги элчилиги комментарий бере элек.

Ташиев Жапаров кийинки шайлоого барарын ишарат кылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин экинчи ирет шайлоого катыша турганын ишарат кылды. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 17-декабрда Фейсбуктагы баракчасына жазды. “Президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган, ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы бир жолу 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу” деген Ташиев.

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров.

Абактагы активисттердин абалы

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин апасы Сайкал Жунусова бийликке кайрылып, “уулу эркин пикири үчүн камакка алынганын” айтты. Ал тапта Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан активисттер Афтандил Жоробеков жана Мелис Аспековдон да кабар алышты. Жоробеков аны камакка алуу чечимге каршы экенин айткан. Аспеков болсо 21-декабрда текшерүүдөн өтүү үчүн “Бикард” жеке менчик клиникасына жеткирилери кабарланды.

Кыргыз тили сынагынан кулагандар

Тышкы иштер министри (ТИМ) Жээнбек Кулубаев быйыл министрликтеги 12 кызмат ордуна сынак жарыяланып, ага катышкан 260 кишинин 60% кыргыз тил сынагынан кулаганын айтты. “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билиши керек.

Газа: Израил бийлигине эл аралык коомчулуктун басымы күчөдү

19-декабрда Газа секторундагы жай тургундардын өлүмүнө жана ооруканалардын талкаланышына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде жаңы резолюция боюнча добуш берүү болот. Документте «согуштук аракеттерди тез арада токтотууга» чакырык камтылат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Аданом Гебрейсус жөөт аскерлерин Газадагы эки ооруканадагы кырдаал үчүн айыптады. Жөөт армиясы бул оорукананын алдында ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) башкаруу, көзөмөл борбору катары колдонуп келгенин маалымдаган. Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху согуш өз максатына жетмейинче уланарын дагы кайталады.

Маңгыстау: Мунайчылар иш таштаган жерге полиция тартылды

Казакстандын Маңгыстау облусунда West Oil мунай компаниясынын 500дөй жумушчусу иш таштап, бир аптадан бери нааразылык акциясы өтүп жаткан Жетыбай айылынын Маданият үйүнө полициянын атайын багыттагы күчтөрү келди.

Мунайчылар ишкананы «КазМунайГаз» компаниясынын курамына киргизүү, маянаны ошого жараша бирдиктүү системага ылайык төлөө жана жумуштагы техниканы жаңылоо деген үч талап коюшкан. Аймакта азыр жаан аралаш кар жаап, аба ырайы суук. Жумушчулар мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнөн, ишкана жетекчилигинен эч ким келип жолукпаганын, алардын талаптарын укпаганын айтышты.

Орусия: Борбор азиялык рэп ырчыларга кылмыш иши козголду

Тергөө комитети аларга "улут аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айып тагып, кылмыш ишин козгоду. Тергөө комитетинин маалыматына караганда Шерафган Шарипов (Sheraph'gun деген ат менен таанылган) жана Ислам Закиров (Рецидив) "башка улуттарга күч колдонууга үгүттөшкөн".

Sheraph'gun рэп таймаштардын биринде Электросталь шаарында белгисиз бирөөлөр жергиликтүү тургундун баш терисин сыйрып салган окуяга кайрылса, Рецидив баттлдардын биринде “орус аял” деген сөздү айткан. «Новая газета. Европа» басылмасы ырчылар Тажикстандын жараны Шерафган Шарипов жана Кыргызстандын жараны Ислам Закиров экенин жазып чыкты. 17 жаштагы Закиров видео суракта "орус улутуна шек келтиргенин жана алардан кечирим сураганын" көрүүгө болот.