Баткен шаарынын мэриясынан кабарлагандай шаар аймагында көмүр баасын негизсиз жогорулатты деген негизде үч ишкерге 3 миң сомдон айып пул салынды.
Жергиликтүү бийлик, монополияга каршы кызматтын текшерүүсүндө шаарда көмүрдү бекитилген баадан кымбат саткан үч ишкер аныкталган.
"БР" үлгүсүндөгү көмүр 9 сом 50 тыйындан ашык сатылбашы керек деп бекитилген. Бирок «БК» үлгүсүндөгү көмүрдүн килограммы 16 сомдон сатылып жатканы тууралуу видео тараган. Шаар бийлиги бул өткөн жылы тартылган видео деген билдирүү тараткан.
Учурда Баткен шаарында калк керектөөчү «БР» көмүрүнүн тоннасы сапатына жараша 7 миң сомдон 9500 сомго чейин сатылып жатса. Сапатуу «БК» көмүрүнүн тоннасы 14-15 миң сомго чыкты.
Баткен облусунун жылдык көмүр керектөөсү 128 миң тонна болсо, анын 94 миң тоннасын калк керектейт. Облуста жалпысынан 45 көмүр шахтасы иштеп, жылдык көмүр өндүрүү 765 миң тоннадан ашат. Өндүрүлгөн көмүрдүн 15 пайыздан ашыгыраагы гана керектөөнү жабат. Сентябрь айында өкмөт көмүрдү сыртка экспорттоого убактылуу чектөө киргизген. Ошого карабай Баткенде көмүргө болгон баа эң жогору экени айтылып келет. (JsA)
Дагы караңыз
"Дээрлик баары бир кылым мурда салынган". Кыргызстандагы абактардын абалы Арстан Алайдын камактан табылышы, кастык беренесинин күчү