15-декабрь: Бишкекте Арстан Алай, Европада ХАМАСтын жардамчылары кармалды

Арстан Алай. УКМК тараткан сүрөт.

15-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Алматыда жолдо калган кыргызстандыктар

Казакстандын аймагында кар күрткүдөн улам 200дөй кыргызстандык автоунаалары менен жолдо калды. Алматы-Ташкент жолундагыларды куткаруу үчүн Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери да барды. Казакстандын бийлиги катуу сууктан жана бороондон улам Жамбыл облусунда өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Ал эми эл аралык Бишкек-Алматы автожолунда кыймыл убактылуу токтотулган.

Экинчи Элдик курултай

15-декабрда Бишкекте экинчи Элдик курултай башталды. Ага Кыргызстандын аймактарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и катышты. Анда делегаттардын дээрлик баары тең социалдык маселелерди көтөрдү. Төрт адам желекти өзгөртүү демилгеси тууралуу сөз кылып, залда отургандар аларга каршы экенин билдиришти. Делегаттардын бири спикер Нурланбек Шакиевге тууну эмес, Бишкектеги райондордун атын өзгөртүү сунушун берди. Курултай 16-декабрда да уланат.

Элдик курултай. 15-декабрь, 2023-жыл.

Арстан Алай кармалды

Дайынсыз делип издөөгө алынган Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) камакка алганы белгилүү болду. Атайын кызмат аны диний кастыкты козутууга айыптап жатат. Анын жашаган жеринен жана лекция өтүүчү жайынан бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган.

“Ала-Арчанын” 2 миң чарчы метр аянты мамлекетке алынды

УКМК муниципалдык участоктордун ижарачылары жерди пайдалануу шарттарын аткарбагандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, “Ала-Арча” соода жана оюн-зоок борборунун 2000 чарчы метр аянты мамлекетке алынганын билдирди. “Ала-Арча” соода борбору Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевге таандык экени мурдатан белгилүү. Ал өзү 2017-жылдын соңунда биринчи-вице-премьер-министр кызматына дайындалып, иштен кеткен соң 2018-жылы ага жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Шадиев ошол эле 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени кабарланган.

Евробиримдик Украинаны жана Молдованы шаркетке кошуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштайт

14-декабрда Брюсселде башталган саммитте Грузияга шаркетке кирүүгө талапкер мамлекет макамы берилди. Украин президенти Владимир Зеленский европалык лидерлерге ыраазычылыгын билдирип, мындай чечимди “Украинанын жана бүтүндөй Евробиримдиктин жеңиши” деп баалады. Шаркетке мүчө мамлекеттердин арасынан Украина менен сүйлөшүүлөрдү баштоого бир гана Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан каршы чыкты. Маалыматка караганда, ага добуш берүү жүрүп жатканда сыртка чыгып турган.

Киев Евробиримдикке кошулуу тууралуу арызын 2022-жылдын 28-февралында берген. Украинанын биримдикке кошулуу жараяны бир топ жылга созулушу мүмкүн.

Орусияда аскердик каттоодон баш тарткан мигранттар жарандыктан ажыратылды

Челябинск облустук соту 21 жана 24 жаштагы ага-инини “жарандык алып жатканда аскердик каттоодон качып, жалган маалымат берген” деген кине менен орус паспортунан ажыратты. Маалыматка караганда, ага-ини быйыл жайында өткөрүлгөн “Мыйзамсыз мигрант” операциясында кармалган. Эми алар Орусиядан өз ыктыяры менен чыгып кетпесе күч менен депортацияланат.

Орусияда мыйзамга ылайык, жарандык алган аскерге милдеттүү киши эки жума ичинде каттоого турушу керек. Аскердик каттоого туруудан баш тарткан мигранттарды орус жарандыгынан ажыратууну буга чейин Тергөө комитетинин башчысы жана Мамдуманын депутаттары сунуштап келген. Орусияда Украинадагы согушка баруудан баш тарткан мигранттарга дагы ушундай эле чара колдонуу керек экенин айтып жүрүшөт.

Европада ХАМАСтын жардамчылары кармалды

АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобуна жардам берген болушу ыктымал делген жети кишини кармады. Би-Би-Си маалымдагандай, алардын үчөө Данияда, үчөө Германияда жана бирөө Нидерландда кармалды. Полиция аларды "жөөттөрдүн мекемелерине чабуул жасоого даярданган" деп шек санап жатат. Кармалгандар арасында Ливандын жана Египеттин жарандары бар. Кармалган адамдар ХАМАСтын “ал-Кассам бригадасы” деп аталган согушчан канаты менен байланышта болгону кабарланды.

ХАМАС радикал кыймылы 7-октябрда Израилге кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган. Бул окуядан кийин жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, Газа тилкесине чабуулун баштаган.