Улуттук банк АКШда Кыргызстандын банктарына эсеп ачууга кызыкдарлыгын билдирди

С5+1 форматындагы онлайн жыйын катышып жаткан кыргыз делегациясы. 14-декабрь, 2023-жыл.

Борбор Азия мамлекеттеринин жана АКШнын экономика боюнча жумушчу топторунун өкүлдөрү 14-декабрда С5+1 форматындагы онлайн жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу 15-декабрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Саммитке бул ирет Кыргызстандын өкүлдөрү америка тарап менен чогуу төрагалык кылды. Кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, америкалык делегацияны АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия жана Түштүк Азия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Жон Поммершайм жетектеди.

Онлайн жыйында санкциялар, экспорттук көзөмөл, банк маселелери жана жеке секторлорго инвестицияларды тартуу темалары талкууланды. Анын ичинде Кыргызстандын Улуттук банкынын өкүлү тышкы соода ишмердүүлүгүнө шарт түзүү үчүн Бишкек АКШнын коммерциялык банктарында кыргыз коммерциялык банктарынын корреспонденттик эсептерин ачууга кызыкдар экенин билдирди. Кыргыз тарап мындан сырткары С5+1 алкагындагы биринчи бизнес-форумду Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.

Аталган өлкөлөрдүн экономика боюнча жумушчу топторунун отурумдары Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын аянтчасында өткөн “Борбор Азия + АКШ” саммитинде кабыл алынган Нью-Йорк декларациясын ишке ашыруунун этаптарынын бири болуп саналат.

Быйыл сентябрда “Борбор Азия + АКШ” саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров чөлкөмдөгү өлкө лидерлери менен чогуу АКШнын президенти Жо Байденге Нью-Йорк шаарында жолуккан. Мындай форматтагы отурум тарыхта биринчи ирет өткөн.

С5+1 – бул бир тараптан Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана экинчи тараптан АКШнын өкмөттөрү үчүн түзүлгөн регионалдык дипломатиялык платформа. Мындай аталыштагы формат АКШ менен Борбор Азия чөлкөмүнүн коопсуздук, экология маселелерин чечүү, сооданы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулоо максатында 2015-жылдын ноябрында уюштурулган.

Расмий Бишкек мурда да ар кайсы форматтагы жыйындарда Кыргызстандын банктарына АКШнын банктарында корреспонденттик эсеп ачууга жардам берүү өтүнүчү менен Вашингтонго кайрылган.

Мурдараак “Акчабар” басылмасы финансы мекемелериндеги өз булактарына таянуу менен АКШ жана Европа мамлекеттери Кыргызстандын банктарынын ал жактагы корреспонденттик эсептерин мурда эле жаап салганын жазып чыккан. “Клооп” басылмасы эксперттин шилтеме жасап, Кыргызстандын кредиттик рейтингинин начардыгынан кыргыз банктарына Батыш мамлекеттеринин банктары такыр корреспонденттик эсеп ачпаганын билдирген. Ушундан улам кыргыз банктары АКШ долларын, Европа Биримдигинин евросун жана башка айрым валюталарды накталай түрдө Орусиядан же башка өлкөлөрдөн сатып алып келишчү. (ErN)