Санарип министрлиги табылган паспорттордун cүрөтүн интернетке жарыялабоого чакырды

Кыргызстандын жарандарынын жаңы үлгүдөгү паспорттору.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги соңку мезгилдери жоголгон документтерди же алардын ээлерин социалдык түйүндөр жана мессенжерлер аркылуу издөө адатка айланганын билдирип, мүмкүн болсо табылган паспорттордун cүрөтүн интернетке жарыялабоого чакырды. Бул тууралуу мекеменин 15-декабрдагы билдирүүсүндө айтылат.

Министрлик мындай аракеттер жарандардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун бузарын эскертет. Ошол себептүү орган табылган документтерди Калкты тейлөө борборлоруна (ЦОН) же Калкты каттоо департаментинин аймактагы бөлүмдөрүнө жеткирип берүүнү сунуш кылат. Документтер андан ары алардын ээлерине берилет.

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталында жана “Түндүк” тиркемесинде “Табылгалар бюросу” (Бюро находок) системасы иштей турганы айтылат. Адистер эгер жоголгон документтер тиешелүү органдарга тапшырылса кайсы жерде табылганына карабай тактап алышат.

Кыргызстандын колдонуучулар адатта табылган же жоголгон документтер жөнүндө Фейсбук, Инстаграм, Тик-ток социалдык түйүндөрүнө жана Ватсап, Телеграм сыяктуу мессенжерлерге кулактандыруу берип, башкалардан жардам сурашат. Мурдараак ушундай жолдор менен паспорттору же ID карталары жарыяланып кеткен кээ бир адамдар документтерин шылуундар ар кандай максат үчүн колдонуп жатканына даттанып чыгышкан. (ErN)