УКМК “Орто-Сай” базарын тейлеген салык кызматкерин кармады

Бишкектеги “Орто-Сай” базарын тейлеген салык кызматкери. УКМК тараткан сүрөт.

Салык системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө салык кызматкерлери Бишкектеги “Орто-Сай” базарынын соодагерлеринен акча каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз өндүрүп жүргөн фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, жеке баюу максатында “Орто-Сай” базарынын соодагерлеринен дайыма мыйзамсыз акча алып, ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп жүргөнү такталды.

Салыкчынын мындай аракеттери “базардагы соодагерлердин нааразычылыгын жаратып, жүргүзүлүп жаткан салык реформасына, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды киргизүүгө терс таасирин тийгизип келгени” атайын кызматтын билдирүүсүндө белгиленет.

Козголгон кылмыш иштин алкагында райондук салык башкармалыгын аталган кызматкери кармалып, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо чаралары улантылууда.

УКМК 11-декабрда салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу “Дордойдо” салык чогултууга жооптуу болгон беш салык кызматкери кармалганын маалымдаган. Аларга “ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурган” деген айып коюлууда. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, бул схема кеминде беш-алты жыл туруктуу иштеген. Мамлекеттик салык кызматы 12-декабрда УКМК кармаган беш салык кызматкери жумуштан алынганын билдирген.

УКМК мунун алдында Бишкектеги “Баткен-Комфорт” курулуш материалдары базарында ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу жана өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу ага ээлик кылган фирманын директорун, анын орун басарын жана эсепчисин кармаганын жарыялаган.

5-декабрда президент Садыр Жапаров "Дордойдо" соодагерлер менен жолугуп, алардын талаптарын уккан. Андан кийин “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “эгер соодагерлердин митинги токтобосо, бийлик базарларга "Кумтөр” сыяктуу эле тышкы башкаруу киргизерин айткан.

6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп билдирген. Ал УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып, комитеттин кызматкерлерине "базар ээлерин көзөмөлдөөнү, алардын ижара акыны көтөрүүсүнө жол бербөөнү" тапшырган. (ErN)