Ноокатта өспүрүм, Кеминде улгайган киши дайынсыз жоголду

Кеминде жоголгон жаранды издеп жүргөн туугандары жана куткаруучулар.

Ош облусунун Ноокат районунда 15 жаштагы өспүрүм (эркек бала) 8-декабрдан бери дайынсыз болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Гүлистан айылынын тургуну беш күндөн бери изделип жатканын маалымдады. Күбөлөр акыркы жолу аны Жаңы-Ноокат айылындагы Сапарбай каналынын жээгинде көргөнүн билдирген. Издөө иштерине жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан төрт куткаруучу тартылды.

Министрликтин басма сөз кызматы Чүй облусунун Кемин районунда 59 жаштагы эркек киши 13-декабрда эртең менен дайынсыз жоголгонун маалымдады. Туугандарынын өтүнүчү менен издөө иштери Жылтыр аймагында жүргүзүлүп жатат.

Жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын адистери 11 куткаруучу жел кайык, дрон менен суунун жээктеринде жана талааларда иштеп жатат. (SE)

Дагы караңыз

Сууктан улам Бишкекте кошумча 50 автобус каттамга чыкты"Патриархаттын уулдары". Зөөкүр эркектер кайдан чыгат? Дүйнөлүк банк экологиялык долбоор үчүн Кыргызстанга 50 млн доллар берет