Сууктан улам Бишкекте кошумча 50 автобус каттамга чыкты

Бишкек шаардык мэриясына караштуу автобустар.

Күн суукта жүргүнчүлөр транспортторду көп күтүп калып жаткандыктан Бишкек шаарындагы линияларга кошумча 50 автобус каттамга чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Муну менен линиядагы автобустардын аралыгы 7-8 мүнөттү түзөрү кеп болду.

Мурдараак айрым жүргүнчүлөр автобустарды жарым сааттап күтүп калып жатышканын, кээде транспорттор андан да узак убакытта келип жатканына даттанышкан.

Борбордо буга чейин 450 автобус жана 115 троллейбус иштеп жаткан. Кошумча чыгарылган транспорттор менен автобустардын саны 500гө жетери айтылды. Мэриядан билдиришкендей, апта соңуна чейин дагы 60 автобус каттамга чыгышы мүмкүн.

Соңку эки-үч күндөн бери Кыргызстандын аймагында катуу кар жаап, күн кескин сууктады. Кыргызгидромет борбору 13-14-декабрда да да абанын температурасы төмөндөй турганын эскерткен. Суук аба ырайы жайыттарда малды багууну, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

Суук аба ырайына байланыштуу 13-14-декабрь күндөрү Кыргызстанда мектеп окуучулары онлайн окууга өттү. Ата-энелер онлайн окуу тууралуу маалымат кеч берилгенин, балдар мектептерге барып алып убара болгонун айтып жатышат. (ErN)