АКШ элчиси Жогорку Кеңештин комитет башчысы менен виза маселесин сүйлөштү

Депутат Лейла Лурова, АКШ элчиси Лесли Вигери жана комитет башчысы Улан Примов.

12-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин сайты кабарлады.

Примов Кыргызстандын парламенти Америка тарап менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, парламенттер аралык кызматташтык карым-катнаштын маанилүү элементи экенин айтты.

Ал ошондой эле Кыргызстандын жарандарына виза берүү маселесине өзгөчө көңүл буруп, кыргызстандыктар бир катар кыйынчылыктарга туш болуп жатканын кеп кылды. Улан Примов америкалык тарап Кыргызстандын жарандарына виза берүү процессин мындан ары оптималдаштыруу боюнча ишти улантарына ишеним билдирди.

Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери Жогорку Кеңештин АКШ Конгресси менен тыгыз мамилесин кубаттап, виза маселесине да кеңири токтолду.

Парламенттин басма сөз кызматы АКШнын элчиси виза маселесине байланыштуу айткан нерселерин деталдуу келтирген эмес. Элчилик өзү бул жолугушуу тууралуу маалымат тарата элек.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен, сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана баш прокурор Курманкул Зулушев менен кездешкен.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев буга чейин “жаңы келишимде талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бар” десе, Вашингтон документке кол коюуга даяр экенин билдирген. (ErN)