"Манас" аэропорту “Эйр Кей Жи” компаниясын президенттин иш башкармасына өткөрүп берди

"Манас" аэропорту.

“Манас” аэропорту “Эйр Кей Жи” авиакомпаниясын толугу менен президенттин иш башкармасына өткөрүп берди. Бул тууралуу келишимге 7-декабрда кол коюлганы Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды.

“Эйр Кей Жинин” сайтындагы маалыматка караганда, туунду компания 2013-жылы сентябрда “Манас” аэропортунун директорлор кеңешинин чечими менен негизделген. Мындай чечим “Кыргыз Республикасынын 2013-2017 жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында” каралган максаттарды ишке ашыруу үчүн кабыл алынып, компанияга өлкөнүн транспорттук дараметин жакшыртуу тапшырмасы коюлган.

Компаниянын алдында учуулардын коопсуздугун, авиациялык тейлөөлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган иштерди аткарган Метрологиялык лаборатория бар.

“Манас” ишканасынын алдында “Асман эйрлайнс” компаниясы ачылганын мекеменин жетекчиси Манасбек Самидинов 19-сентябрда билдирген.

Кыргызстан жаңы сатып ала турган Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак ушул компаниянын карамагында болот.

Дагы караңыз

Kloop порталынын иши боюнча дагы экспертиза жүргүзүлөтАкылбек Жапаров кыргыз алтыны Лондон биржасында дүйнөлүк баада сатыларын маалымдадыУКМК Чүйдөгү базар ээлери ижара акысын арзандатканын маалымдады Кара-Сууда калың кардан улам жол жабылды