Улуттук банктын резерви кайрадан 3 млрд доллардан ашты

Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн "Кумтөр Голд Компани" өндүргөн алтын. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резервдери 3 млрд 62 млн доллардан ашты. Бул тууралуу мекеменин 2023-жылдын ноябрь айын жыйынтыктаган көрсөткүчтөрүндө баяндалат.

Башкы каржы көзөмөл мекемесинин резерви 3 млрд доллардан алгач ирет үч жыл мурда ашкан. 2020-жылдын августунда 3 млрд 71 млн долларга жетип, кайра 2 млрд 523 млрд долларга чейин түшкөн. 2021-жылдын күзүндө 3 млрд 241 млн долларга көтөрүлүп, 2022-жылдын жайында 2 млрд 500 млн долларга чейин төмөндөгөн.

2023-жылдын апрелинде көрсөткүч 2 млрд 338 млн долларга чейин түшкөн. Андан бери бул суммага дээрлик 700 млн доллар кошулду.

Эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык рыноктогу курсту кармоого жана башка максаттарга колдонулчу мамлекеттик актив. Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын рынокко сатып турат. Мекеме жыл башынан бери 14 ирет интервенция жасап, 655 млн 715 миң долларды сатыкка чыгарган.

Резерв негизинен алтын түрүндө сакталат. Калганы кубаттуу өлкөлөрдүн валютасына айлантылып, кармалат. Улуттук банк 2023-жылдын августундагы билдирүүсүндө алардын кампасындагы 49,8 тонна алтындын 17,1 тоннасы эл аралык резервде экенин, калганы жөн гана запас катары сакталып турганын маалымдаган. (ErN)