Бишкекте бир адамды 800 миң долларга алдап кеткен жаран кармалды

Алдамчылыкка шектелип кармалган адам. Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тараткан сүрөт.

Бишкек шаарындагы тургундардын бирин ири өлчөмдөгү каражатка алдап кеткен А.М. аттуу аял кармалды. Бул тууралуу борбордун Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 26-ноябрда аталган бөлүмгө К.Н. аттуу киши арыз менен кайрылып, А.М. аттуу жарандын үстүнөн мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган.

Жабырлануучу ал адам өзүн шаардагы Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турак жай ээлеринин шериги катары тааныштырып, ишеничке кирип алдап кеткенине даттанган. Шылуун 2018-жылдан 2023-жылга чейинки аралыкта мындагы батир үчүн ижара акысын алып, соңунда анын 800 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатын алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Факт боюнча аталган райондук милиция бөлүмүнүн Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 36 жаштагы А.М. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып, кармалган. Ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды. Милиция бул аялдан жабыркагандар болсо 0509 100 188, 0500 030 200, 0557 045 102 же 102 телефон номерлерине байланышып коюусун өтүнөт. (ErN)