Конституциялык сот эмнесинен жазды?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатканын билдирди. Төрага Эмил Өскөнбаев кылмыш ишин негизсиз деп айтууда.

Баш мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөгөн Конституциялык соттун жетекчилигине козголгон кылмыш ишинин артында эмне жатат?

"Президентке жаманатты кылуу аракети жүрүп жатат"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев жана башка кызмат адамдары судьялардын чет өлкөлүк иш сапарлары үчүн берилген чакыруу каттарын жашырып, аны менен өздөрү жана жакындары чет өлкөгө чыгышканын маалымдаган. Бул фактылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Атайын кызмат бул ишке далил катары Өскөнбаев баштаган Консоттун кызматкерлери чет өлкөлүк сапарларга жубайлары менен барган деп бир нече фотолорду жарыялады. УКМКнын жүйөсүнө ылайык, Баш мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн соттун жетекчилиги жакындарына жер көрсөтөм деп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

Демейде маалымат каражаттарына анча көп маек бербеген Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев УКМКнын айыптоосунан соң "Азаттыкка" комментарий берди. Ал атайын кызматтын маалыматын "болбогон сөз" деп сыпаттап, кылмыш ишин козгоодон мурда аны далилдөө зарылчылыгы бар экенин эскертти:

Эмил Өскөнбаев.

"Соттор кеңеши бар. Коопсуздук кызматы Соттор кеңешине сунуш бериши керек. Эң маанилүүсү - козгоп жаткан кылмышты далилдеш керек. Бул деген жок жерден, эч кандай мыйзамсыз илинчек таба албай, эптеп жаманатты кылуу аракетинде жасалганы ачык көрүнүп турат. Эптеп президентке жаманатты кылуу максатында "чет өлкөлүк сапарларга аялын ээрчитип жүрөт" деп чыгышты. Конституциялык соттун төрагасын президенттей эле сыйлашат, төраганы да сый тамактарга жубайы менен чакырышат. Дүйнөлүк түрдүү иш-чаралардын аягында же 2-3-күнү чоң сый тамак болот. Ошондой сый тамакта отурган жерде тартылган сүрөттү чыгарышыптыр. Мунун эмнеси кылмыш деген суроо туулат. Бул деген ушак менен барабар. Далил институту деген бар, далилдеш керек. Чындыкты айтуу, объективдүү болуш керек дегенди унуттук".

59 жаштагы Эмил Өскөнбаев Конституциялык сотко 2022-жылы февралда төрага болуп шайланган.

Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган Өскөнбаев дээрлик 30 жылдан бери сот системасында иштеп келген.

"Төраганын орду талашка түшкөн сыяктуу"

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова консоттун төрагасына козголгон кылмыш ишин чет өлкөлүк сапарларга байлоо жөнсүз себеп болду деген пикирде:

Клара Сооронкулова

"Конституциялык сотто мен деле иштедим. Чет өлкөлөргө сапарлар көп, бирок басымдуу бөлүгү - дээрлик бардыгы мамлекеттин акчасына эмес, кайра эле чет өлкөлүк же эл аралык уюмдар берген гранттардын эсебинен болот. Конституциялык сотту колдоого багытталып, дайыма чоң-чоң гранттар бөлүнүп турат. Иш сапарлар да ошол гранттардын эсебинен жүрөт. Андай уюмдар сотторго каалагандай шапар тебүүгө жол бербейт, алар ар бир тыйынын санап турушат".

Коомчулукта конституциялык соттун төрагасы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатышын быйылкы “матроним” чуусуна байлагандар да жок эмес. Анткени Конституциялык сот балдар 18 жашка толгондон кийин энесинин атын да фамилия кылып алуу укугуна ээ экендиги тууралуу түшүндүрмө бергенден кийин, бийлик “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамды өзгөртүүнү шашылыш ишке ашырган.

Дагы караңыз Консот чечимин кайра кароо артында эмне сыр бар?


Жогорку Кеңеште бул мыйзам каралып жаткан чакта спикер Нурланбек Шакиев чуулгандуу маселе боюнча түшүндүрмө чыгарган Конституциялык соттун төрагасы баш болгон бүтүндөй курамынын кызматтан кетишин талап кылган.

Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да Конституциялык соттун чечимин сынга алып, фейсбуктагы баракчасына: "Эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса, ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям", - деп жазган эле.

Консоттун төрагасына карата "чабуул" Конституциялык сотту бийликтеги башкаруучу топтун колуна салып берүү аракети болушу ыктымалдыгын мурдагы судья Клара Сооронкулова "Азаттыкка" билдирди:

"Конституциялык сот матроним боюнча жаңы эч нерсе деле айткан эмес да. Мыйзамда бар нерсени гана тастыктап койду. Бул жөн гана себеп болду окшойт. Анткени азыр Конституциялык сотун төрагалыгы үчүн күрөш жүрүп жаткансыйт. Анткени кайсы гана бийликте болбосун сот органы чечүүчү ролду ойнойт. Өзгөчө Конституциялык сот саясий талаштарга акыркы чекит коёт. Ошондуктан Конституциялык сотту колго алып, анын төрагалыгына өз кишисин дайындоого президент деле, президент болгусу келгендер деле кызыкдар".

Дагы караңыз Матроним маселеси: Конституциялык сот айтканынан кайтты

"Консот ишин аткарды, толтура ишти мыйзамдаштырып берди"

Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого жол ачкан мыйзамды парламент талкуусуз карап, кабыл алган. Ага 3-октябрда президент Садыр Жапаров кол койгон. Бирок Баш мыйзамдын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп жазылган.

Муну белгилеген Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Конституциялык сотту бийликке керектүү тапшырмаларды аткарып берди деген пикирин "Азаттыкка" билдирди:

Исхак Масалиев

"Конституциялык сот өзүнүн милдеттерин аткарып, мыйзамсыз иштерди да мыйзамдаштырып берди. Бирок дагы деле аларга коррупцияга каршы күрөштүн алкагында деп, иш козгоп жатканы түшүнүксүз. Өткөн кылымдын 37-38-жылдарында НКВДнын лейтенанты иш козгоп, судьяны алып кетчү. Азыр эми "баары мыйзам алдында жооп бериши керек" деген ураандын алдында иш жүрүп жатат. Коопсуздук кызматы - өкмөттүн курамындагы түзүм Конституциялык соттун төрагасын кылмышка шектүү деп жатат. Эгер Тартип комиссиясы төраганы кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берсе (бербей коё албайт, албетте, көрүп атабыз го), жоопкерчиликке тартат. Бизде соттордун көз карандысыздыгы кагаз жүзүндө бар, бирок иш жүзүндө жок".

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү орган Соттор кеңешине сунуш берет. Соттор кеңеши сунушту карап, макулдугун берсе гана ал жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Дагы караңыз

Консоттун төрагасы Өскөнбаев УКМК козгогон ишти "негизсиз" деп атады


Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуш азырынча Соттор кеңешине келип түшө электигин аталган кеңештин кеңсе кызматы "Азаттыкка" 11-декабрда билдирди.

2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык палата жоюлуп, Конституциялык сот түзүлгөн. Бул мекеме Конституцияны расмий чечмелеп берет, мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын Конституцияга ылайык келиши тууралуу иштерди, бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды карайт, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбооруна корутунду берет.