11-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Көлбаев-Матраимов “мафиясына” байланышы барлар
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маркум Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен Райымбек Матраимовдун “мафиясына” байланышы бар 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтардан алынганын билдирди. Атайын кызмат бул жолу так сандарды жарыялады. Бир эле бажы кызматында 85 кызматкер аныкталып, анын ичинен 76сы иштен айдалды. Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер аныкталып, 14ү жумуштан алынган. Жергиликтүү кеңештин алты депутаты мандатын тапшырып, 65 кызматкер райондук администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан кеткен. Ал арада Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Нурмамат Канаев кармалганы белгилүү болду.
Тажикстан менен чек ара качан такталат?
Президент Садыр Жапаров Баткенде иш сапарда жүрөт. Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жазына чейин такталып каларын айтты. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топторунун акыркы жолугушуусунда чек аранын дагы 24 чакырымы такталган. Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталган.
“Фейк” мыйзамы боюнча 20 арыз түштү
Маданият министрлиги быйыл “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде 20 кайрылууну карады. Анын ичинен жети басылма арыз түшкөн маалыматты өз ыктыяры менен сайтынан алган. Үч кайрылуу боюнча kloop.kg жана nazarnews.kg сайттарынын ишин эки айга токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Мекеме nazarnews.kg боюнча чыккан чечимин кайра кайтарып алганы белгилүү болду. Коомчулукта “Фейк” мыйзамы деген ат менен белгилүү документ “эркин маалымат каражаттарына каршы иштеген мыйзам” деп сындалып жүрөт.
Президент Оштун депутаттарын колдогон жок
Ош шаардык кеңешинин калаа мэри Бакытбек Жетигеновду кызматтан алуу сунушун президент Садыр Жапаров колдогон жок. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков 11-декабрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал президенттин администрациясынан келген катты көрсөткөн жок. Шаардык кеңеш 14-ноябрдагы сессиясында мэрге ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Кыргызстандагы экинчи ири шаардагы депутаттардын бул чечимин мэр Жетигенов “депутаттардын жеке таарынычы” деп сыпаттаган.
Казакстанда камактагы кыргыз ишкеринин жакындары акцияга чыкты
Алматыдагы “Алтын ордо” базарынын жетекчисинин мурдагы орун басары, камактагы кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевди бошотууну талап кылган жакындары жана кесиптештери 10-декабрда Астанада митингге чыгышты. Алар Маркабаевге каршы козголгон кылмыш иши “ойдон токулган” деп эсептешет. Кыргызстандык ишкер быйыл 2-июнда кармалган. Ага маңзат, курал-жабдык жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз алып жүргөн деген айып тагылган.
Орус армиясы Киевге сокку урду
Орусиянын армиясы 11-декабрга караган түнү Украинанын баш калаасы Киевге ракеталар менен чабуул койду. Калаанын аскердик администрациясы билдиргендей, ракеталар асмандан атып түшүрүлгөндө сыныктары Дарницкий жана Голосеевский райондоруна кулаган. Дарницкий районунда менчик үйдүн терезелери күбүлүп, үч киши, анын ичинде бир бала жараат алганын аскердик администрациянын жетекчиси Сергей Попко билдирди.
Навальныйдын кайсы түрмөдө экени белгисиз болууда
Орусиядагы оппозициячыл саясатчы, 19 жалга кесилген Алексей Навальныйдын адвокаттары билдиргендей, ал Владимир облусундагы Мелехово түрмөсүндө жазасын өтөп жаткандардын катарында жок. Саясатчынын маалымат катчысы Кира Ярмыш бул тууралуу аларга түрмөнүн өкүлдөрү айтышканын маалымдады. Навальный учурда кайда экени белгисиз. Буга чейин саясатчынын тарапташтары аны менен алты күндөн бери байланыша алган эмес.
Газадагы аянттын алдында туннелдер аныкталганы кабарланды
Израилдин армиясы Газа шаарындагы Палестина аянтынын алдында ири туннелдер түйүнү аныкталганын билдирди. “Палестина аянтында Яхья Синвардын кеңсеси, ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмдун лидерлеринин кыймылсыз мүлкү, кеңселер жана террорчулардын туннелдери аныкталды”,- деди ЦАХАЛдын расмий өкүлү Даниэл Хагари. БУУ жана бир катар эл аралык уюмдар толук курчоодо калган анклавда гуманитардык кризис күч алганын билдирип, жаатташкан тараптарды ок атууну токтотууга чакырып жатат.
"Азаттыктын" жаңылыктар топтомун Телеграмдагы жана Вотсапптагы каналдарыбыздан окуп туруңуздар.