Казакстандын өкмөтү коңшу өлкөлөрдөн сууга байланыштуу көз карандылыктан чыгуу үчүн 2024-2026-жылдары жаңы 20 суу сактагыч куруу планын жарыялады. Бул тууралуу 11-декабрда аталган өлкөнүн өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
2,4 куб километр көлөмдөгү сууну сактоого чамасы жете турган суу кампалары өлкөнүн 9 облусуна салынат. Муну менен кошо 9 облустагы 1,9 куб километр сууну сактай алчу, учурда иштеп жаткан 15 суу сактагыч оңдоодон өткөрүлөт.
Казак өкмөтүнүн маалыматына ылайык, бул план 2024-2030-жылдары суу чарбасын өнүктүрүү боюнча Комплекстүү пландар долбооруна киргизилди. Ал документ өлкөдөгү суу коопсуздугун камсыздоо жана анын жетишсиздигин чечүү маселелерине багытталган.
“Комплекстүү планды ишке ашыруу колдо болгон суу ресурстарын 3,7 куб километрге көбөйтүүгө, ал эми сугат жерлерин 2,2 млн гектарга көбөйтүүгө, суугат суунун жылдык жоготуусун 3 куб километрге чейин азайтууга жана 55 миңден ашык жашоочусу бар 41 конушту суу менен камсыздоого шарт түзөт”, – деп белгиленет маалыматта.
Эксперттердин эсептешинче, Казакстан Евразия континентиндеги суу тартыштыгы курч болуп жаткан өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат. Казакстанда сууну керектөөнүн 65%ы айыл чарбасына туура келет. Өлкөдөгү агын суулардын жарымына жакыны коңшу өлкөлөрдөн – Кытайдан, Орусиядан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан агып өтөт.
Казакстан Кыргызстандан сууну негизинен үч дарыя аркылуу – Чу дарыясы, Талас дарыясы жана Нарын дарыясы аркылуу алат. Иш жүзүндө коңшу өлкөнүн бүт түштүк облустары, анын ичинде Жамбыл облусу 80% кыргыз тоолорунан аккан суудан көз каранды.
Мунун ичинен Талас дарыясындагы Кыргызстандын Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү быйыл соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түшкөн. Натыйжада жай айларында андан коңшу өлкөгө суу берүү убактылуу токтотулган. Казакстан сугат суунун жетишсиздигинен улам 13 районунда өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган. (ErN)