Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу “Дордой” соода-базар комплексинде салык чогултууга жооптуу болгон 5 салык кызматкери кармалганын маалымдады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы 11-декабрда билдирди.
Маалыматта “базардын аймагындагы салыктарды тескөө үчүн жооптуу айрым кызмат адамдары өздөрү баюу максатында ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурушканы аныкталганы” жазылган. Тиешелүү кабарда “аталган схема кеминде беш-алты жыл туруктуу иштегени жана Салык кызматынын кызматкерлери ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турганы” да белгиленген.
УКМК билдиргендей, “Дордой” соода-базар комплексинин бир базарынын аймагында 600дөн ашык соода жайлары болсо, салык 400 гана ишкерден түшүп турган.
Кармалган салыкчылардын төртөөнө (М.А.Ч., Ж.А.М., Т.Н.Г., К.А.К.) Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айып тагылган. Алардын дагы бири (А.А.Б.) Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине (“Кармоонун негиздери”) ылайык кармалган.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
"Дордой" базары деп жалпы аталганы менен комплекстин айгагында ондогон базар администрациясы бар экени маалым. УКМК кармалган салыкчылар анын кайсынысында иштегенин тактаган жок.
Кармалгандар өздөрү жана алардын адвокаттары атайын кызматтын айыптоосу боюнча комментарий берише элек. Мамлекеттик салык кызматы да бул жөнүндө билдирүү бере элек.
УКМК мунун алдында Бишкектеги “Баткен-Комфорт” курулуш материалдары базарында ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу жана өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу ага ээлик кылган фирманын директорун, анын орун басарын жана эсепчисин кармаганын жарыялаган.
5-декабрда президент Садыр Жапаров "Дордойдо" соодагерлер менен жолугуп, алардын талаптарын уккан. Андан кийин “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “эгер соодагерлердин митинги токтобосо, бийлик базарларга "Кумтөр” сыяктуу эле тышкы башкаруу киргизерин айткан.
6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп билдирген. Ал УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып, комитеттин кызматкерлерине "базар ээлерин көзөмөлдөөнү, алардын ижара акыны көтөрүүсүнө жол бербөөнү" тапшырган. (ErN)