Алтынчы ирет өтүп жаткан театр фестивалы атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган.
Ага Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Азербайжандан келген театрлар көрөрмандарга Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди тартуулап жатышат. Спектаклдер борбордогу театрларда акысыз көрсөтүлүүдө.
Фестиваль 7-декабрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Кылым карытар бир күн" спектакли менен ачылган. 12-декабрда жеңүүчүлөр аныкталып, саамалык салтанаттуу жыйынтыкталат.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү “Ата-Бейитке” - атасы Төрөкул Айтматов жана советтик репрессиянын башка курмандыктары көмүлгөн жерге коюлган.
ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө кайра-кайра чоң тираж менен чыгып келет. (MZh)