11-декабрда Мамлекеттик ипотекалык компания менен “Керемет Банктын” биргелешкен долбоору боюнча Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктап, ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
9 кабаттан турган 108-сериядагы турак-жай Бишкектин Анкара көчөсүндө жайгашкан. Үй бардык коммуналдык кызматтарга кошулган. Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турган адамдар үйдүн баасынын 20% төлөп, 8% менен 25 жылга алышты.
Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Бишкекте жаштар форумунда ипотекалык азыр насыяга кезекте турган 13 миң адам келерки эки жылда үй менен толук камсыз болорун айткан.
Маалымат боюнча, соңку жылдары эки миңдей киши мамлекеттен жеңилдетилген шартта ипотекага үй алды.
Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак-жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. (BTo)
Дагы караңыз
Антарктикада куш тумоосунан улам жаныбарлар жапырт кырылдыКөлбаев менен Матраимовго байланышы бар 180ден ашуун адам кызматтан алындыБишкек: Балдардын тез жардам ооруканасына күнүнө 900дөй бейтап кайрылууда Казакстанда кендеги кырсык боюнча жети киши кармалды"Эмаком" курган үйдүн жашоочулары жылуулук жоктугуна нааразылык билдирип жатат Египетте президенттик шайлоо өтүп жатат Орусиянын Харьковго чабуулу эки кишинин өмүрүн кыйды