11-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8°, күндүз -1…-3 градус суук болот.
Түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар күшөт. Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаамакчы.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус суук;
Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8 градус жылуу болмокчу;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…-12 болсо, күндүз күн -2…+3 градус;
Нарындын бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8 суук болот.
Өлкө боюнча Суусамырда суук күчөйт. Бул аймакта түнкүсүн -12…-17 градус суук, күндүз -1…-6 градус.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, алдыңкы күндөрдо абанын температурасы төмондөөнүн үстүндө болот.
10-12-декабрь аралыгында көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаан-чачын күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
10-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, түндүгүндө -8…-13°, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -5…-10° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.
12-14-декабрда абанын температурасы андан ары да төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, түндүгүндө -18…-23°, күндүз -10…-15° суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -3…-8° суук, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19…-24°, Ат-Башы районунда -23…-28°, күндүз -11…-16° суук болот. Ат-Башынын тоо этектеринде түнкүсүн -17…-22°, күндүз -12…-17° суук, ал эми тоолуу райондорунда түнкүсүн -19…-24°, күндүз -14…19° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -31…-36°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт.
Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат деп билдирет аба ырайы боюнча кызмат.
Дагы караңыз
Грузияда Европаны жактагандардын жүрүшү өттүАкылбек Жапаров бажы менен салыктан түшкөн акча көбөйгөнүн айттыГаза: Израил менен ХАМАСтын кармашы улануудаПрезидент катышкан футбол мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды Салымбеков "Дордойдо" ижара акысы арзандаганын айтты Жантаев орун басары Матраимовдор менен байланышы болгону үчүн иштен кеткенин айтты Президент Жапаров Кыргызстан адам укуктары декларациясын сактоого аракеттенип жатканын айтты АКШ Израилге 106 млн долларлык курал сатат