Бишкекте мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг. 09.12.2023

Бүгүн, 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өтүп жатат.

"Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, ага 50дөй киши топтолду. Чогулгандар "Тууга тийбе" жана "Афтандилге боштондук" деп кыйкырып жатышат.

7-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробековду милиция суракка чакыргандан кийин камаган. Анын бөгөт чарасын Свердлов райондук соту 8-декабрда кечинде карап, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Судья Жоробековдун кармалышын да мыйзамдуу болгон деп тапты.

Активист социалдык тармактардагы акция тууралуу кайрылууларына байланыштуу 2-декабрда Бишкектин Октябрь райондук милициясына, Улуттук коопсуздук комитетине чакырылган. Ага чейин милиция аны 3-декабрга белгиленген "Туудан колуңду тарт!" автожүрүшүнөн улам чакырганын жазган. Айтылган күнү милиция мерчемделген жерге катышуучулардан мурда келип, аларга эскертүү берген соң автожүрүш болбой калган.

Дагы караңыз "Тууга тийбе": Бишкекте желекти коргогондор митингге чыкты


Ички иштер министрлиги Жоробековдун кармалышына байланыштуу маалымат таратып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

29-ноябрда Жогорку Кеңеш спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов автор болгон мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда чукул кабыл алды. Долбоорго 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген. Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе!”, “Желекке тийбе!”, "Туудан колуңду тарт!" деген постторду жарыялап, президент Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикир жазган. (КЕ/TSh)

Дагы караңыз

ИИМ активист Жоробековдун кармалышы боюнча маалымат бердиЕвробиримдик Орусияга айрым товар Борбор Азия аркылуу өтүп жатканына тынчсыздануудаОрусия жана Беларус спортчулары Париж олимпиадасына бейтарап макамда катышатТууну коргогон активист Жоробеков эки айга камалды