Орусия жана Беларус спортчулары Париж олимпиадасына бейтарап макамда катышат

Эл аралык олимпиада комитети Орусиянын жана Беларустун спортчуларына 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага нейтралдуу макамда катышууга уруксат берди. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.

Олимп оюндарына спортчулар гана катыша алат, Орусия менен Беларус командалык мелдештерге катыша албайт.

Спорттун командалык түрлөрү боюнча спортчулар жана аскердик операцияларды колдогон же аскердик уюмдар менен байланышы бар жеке спортчуларга мисалы ЦСКА, мелдештерге катышууга жол берилбейт.

Соңку маалыматтарга караганда, Олимпиадага Орусиядан сегиз, Беларустан үч гана спортчу жолдомо алды. Калган спортчулар эл аралык мелдештерге катыша албагандыктан жолдомо алышкан эмес.

Париж олимпиадасына аталган эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү чакырылбайт.

Буга чейин Европанын айрым өлкөлөрү менен Украина Орусияны жана Беларусту нейтралдуу макам менен да эч качан катыштырбоону талап кылып, уруксат берилсе, бойкот жарыялашы мүмкүн экенин айтышкан.

2022-жылдын 24-февралдында Орусия Украинага бастырып киргенден кийин ЭОК Орусия менен Белорустун спортчуларын жарыштан четтеткен.

Париж Олимпиадасы 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин өтөт.

Дагы караңыз

8-декабрь: Конституциялык сотко козголгон иш, Афтандил Жоробеков эки айга камалды Тууну коргогон активист Жоробеков эки айга камалдыОппозициячыл активист Иранда студенттер болуп көрбөгөндөй куугунтукка кабылганын билдирдиОрусияда журналист Маша Гессенге издөө жарыяланды