Орусиянын Ички иштер министрлиги журналист Маша Гессенге издөө жарялады. Бул тууралуу Медиазона басылмасы жазды.
23-ноябрда Гессенге "орус армиясы тууралуу фейктерди жарыялаган" деген кине менен кылмыш иши козголгону ачыкталган. Буга анын август айында журналист Юрий Дудга берген маеги себеп болгон. Анда Гессен менен Дудь Украинанын Буча шаарындагы орус аскерлеринин кылмыштарын талкуулашкан.
Гессен Орусиянын президенти Владимир Путин тууралуу китеп жазган, көптөгөн сыйлыктарга ээ жана адам укуктары боюнча активист катары белгилүү. Ал көп жылдан бери АКШда жашайт.
2012-2013-жылдары бир нече ай "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматын жетектеген.
Дагы караңыз
Назарбаевдин күйөө баласы Кулибаев Kazenergy ассоциациясынын төрагалыгынан кеттиТууну коргогон активист эки айга камалдыАктивист Жоробеков өзүнө коюлган айыптарды четке какты