Путин 2024-жылы президенттик шайлоого катышарын жарыялады

Донецк жикчилдеринин мурдагы талаа командири Артем Жога жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 8-декабрь, 2023-жыл. Кремль.

Орусиянын лидери Владимир Путин 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Ал бул тууралуу Кремлде мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинин соңунда өздөрүн ДНР деп атап алган жикчил түзүмдүн парламент төрагасы, донецк жикчилдеринин мурдагы талаа командири Артем Жоганын суранычына жооп берип жатып билдирди.

“Жашырганда эмне, ар кайсы учурда менде ар кандай ойлор болду. Бирок азыр сиздики туура. Азыр чечим кабыл ала турган убакыт. Мен Орусия Федерациясынын президенттигине талапкерлигимди коем”,-деди Путин.

Орусияда президенттик шайлоо эмдиги жылдын 17-мартында өтөрү 7-декабрда маалым болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, бул ирет добуш берүү үч күн -15-17-март аралыгында өтөт. Биринчи жолу президенттик шайлоо үч күнгө созулат.

Путин буга чейин кийинки мөөнөткө барар-барбасы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартып келген. 7-декабрда Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин качан туура көргөндө гана бул тууралуу жарыяларын айткан.

Путин Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келет. Ал 2008-жылга чейин эки жолу төрт жылдык мөөнөткө шайланган. 2008-2012-жылдары орус өкмөтүн башкарган. 2012-жылы үчүнчү мөөнөткө шайланган. Ошол эле жылы президенттин башкаруу мөөнөтү алты жылга узартылган. 2018-жылы Путин төртүнчү жолу мамлекет башына келген. 2020-жылдын жайында Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ага дагы эки жолу президенттикке аттанууга шарт түзүп, 2036-жылга чейин башкарууга жол ачкан.

Камактагы орус оппозициясынын активисти Алексей Навальный өз тарапташтарын шайлоого катышып, Путиндин башка бир талапкерге добуш берүүгө чакырды.

Дагы караңыз

"KG Групп" компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов үй камагына чыктыКонсоттун төрагасы Өскөнбаев УКМК козгогон ишти "негизсиз" деп атады Консоттун төрагасы Эмил Өскөнбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө