Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн 39 машина чыгат

Архивдик сүрөт

Жакынкы күндөрү суук катуулап, кар жаашы күтүлүп жатканына байланыштуу Бишкектеги "Тазалык" муниципалдык ишканасы кышка толугу менен даяр экенин маалымдады.

Мекеменинн басма сөз кызматы билдиргендей, калаа көчөлөрүн кардан тазалоого 39 атайын машина чыгат. Анын ичинде 25 машина атайын кар тазалагыч техника, андан тышкары кум себүүчү жана башка коммуналдык техникалар бар.

Аялдамаларды жана тротуарларды "Тазалыктын" 715 кызматчысы тазалайт. Алар менен чогуу 121 машина иштейт. Кышкы сезонго карата ошондой эле 1,5 тонна туз, 4 миң тоннадан ашуун жуулган кум даярдалган.

Кыргызгидромет борбору 9-12-декабрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда, анын ичинде Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаай турганын, айрым жерлерде кар оор түшүү ыктымалдыгын билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Сот Адахан Мадумаровду абакта калтырдыКадамжайда майыптыгы бар адамды сабаган киши иштен бошотулдуТууну коргогон активист эки айга камалдыӨкмөт көмүрдү байытуу менен ышты азайтууну көздөйт