Газа тилкесинде ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун жоочулары менен согушта Израил армиясынын Башкы штабынын мурдагы жетекчиси, азыркы израил өкмөтүнүн мүчөсү Гади Айзенкоттун уулу Галь Айзенкот окко учту.
Бул тууралуу ЦАХАЛ билдирди. Ага ылайык, акыркы жумаларда Израил армиясынын эки аскери набыт болгон, алардын бири 25 жаштагы улук сержант Галь Айзенкот Газа тилкесинин түндүгүндө согушта мерт болгон.
Анын атасы Гади Айзенкот Израил армиясынын Башкы штабын 2015-2019-жылдары жетектеген. Кнессетке оппозициядан депутат болуп шайланган.
12-октябрда, ХАМАС радикал тобу Израилге кол салгандан кийин улуттук биримдик өкмөтүнүн аскер курамына кирген.
Газа тилкесинде операция башталгандан бери ЦАХАЛдын 80дей аскери набыт болду, ХАМАС радикал тобунун өлгөн жоочулары тууралуу маалымат жок. Аталган топ көзөмөл кылган Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги тилкеде 17 миңден ашуун адамдын өлгөнүн кабарлоодо. Маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Газанын түндүгүндө да, түштүгүндө да катуу согуш болуп жатканы кабарланууда. ЦАХАЛ түштүктөгү Хан-Юнис шаарын алууга аракеттенип жатат. Израил армиясы тилкенин түндүк тарабында согушуп жаткан ондогон "хамасчылар" туткунга түшүп бергенин маалымдап, ал тууралуу тасма таратты.
Израилдин түндүгүн Ливан тараптан "Хезболла" радикал тобу аткылап, бир киши мерт кеткени кабарланды.
Дагы караңыз
Тууну коргогон активист эки айга камалдыЖурналист Али Токтакунов АКШда “Коррупцияга каршы күрөштүн күжүрмөнү” сыйлыгын алдыБишкекте өрттөн улам чет элдик студенттер жатаканадан эвакуацияланды "Мекенчил болбо - камаласың". Зайырбектин "Датасы жок күндөрү"ККМ жана патент: Бийлик чараларын жумшартты, бирок эскертүү берди