"Мекенчил болбо - камаласың". Зайырбектин "Датасы жок күндөрү"

Зайырбек Ажыматов

Заманынан эрте кеткен Зайырбек акындын “Датасы жок күндөр” китеби окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Анда калемгердин күнүмдүк турмуштагы ой толгоолору, коомдо талкуу жараткан орчундуу маселелерге атуулдук көз карашы, үй-бүлөсүндөгү кызыктуу турмуштук окуялары камтылган.

Жылуу сезимге, бакытка, кусага бай китеп

Ажыматовдун адатта көңүлдү дирилдеткен махабат ырларын, мекенчилдик сезимди ойготкон атуулдук саптарын окурмандары жакшы билет. А бул кара сөз түрүндөгү ой-толгоолору аныгында жаңылык болуп турат. Бул эмгеги жасакерленбей жазылганы менен, кандай турмуш кечирсе ошонусун жымсалдабай кагазга төккөнү менен акындын дүйнөсүн дагы да жакындан таанытып турат. Акын өзү тирүүсүндө фейсбукка пост катары жарыяланган, күндөлүккө купуя жазылган пикирлери кезинде бир китеп болуп топтолорун деле ойлобосо керек.

Маркум акын Зайырбек Ажыматовдун "Датасы жок күндөр" китеби.

Сыртынан караганда бир кырдуу, ары сүрдүү, ары түнт көрүнгөн Заке кээ бир чактарда карс-карс күлө ачылып сүйлөп, турмуш жөнүндө не бир керемет ойлорду айта салмай жайы бар эле. “Датасы жок күндөрүндө” ошондой мүнөзү, ички дүйнөсү ачык көрүнөт. Андагы кептерин мурда-кийин Фейсбуктан замандаштары окуп эле жүрчүбүз, бирок китепти барактаганда кудум эле акын өзү жаныңда отуруп алып, сырларын ишенип баяндап берип жаткандай таасир калтырат.

Китеп айрыкча жылуу сезимдерге, бакытка, кусага бай. Сезими – ал бул тирүүлүккө, акын болуп жаралган тагдырына канаат кылгандыгы. Бакыты – мотурайган эки уул, эки кызы, өмүрлүк жан шериги, аны менен турмуштун нечен сыноолоруна майышпай бирге тургузган түндүгү. Кусасы – 4 жашында али 30 жашка чыкпаган атасынан айрылганы, бул өкүтү өмүр бою коштоп жүргөнүндө. Ушулардын баары бул китептеги ар кыл окуяларда кезигет.

Төмөндө акындын улуу балдары Назым, Мелис, ортончу кызы Айназик менен болгон тамашалуу маектеринен:

***

“- Ата, сизге жакшы бир атыр белек кылып коёюн. Апама жакты, сиз пайдаланыңыз. Кымбат турат экен.
- Кайдан алдың эле муну?
- 23-февралда бир классташ кызым берген...
- Белекке алсаң өзүңө эле буйрусун...
- Жо... сиз эле алыңыз, мен 8-мартта муну кайра кантип кайтарам...”

***

“- Апа, менин майкам каякта? Ордунда жок го. Сиз бизге таптакыр камкордук кылбай калдыңыз, апа.

- Үч килейген эркекке камкордук кылуу кыйын экен. Силер өзүңөрдүн камкорчуңарды таап алгыла. Менин башым бош эмес, жигитим бар”.

***

“Атамдын бир тууган эжеси бүгүн жаңы ачылыш жасады. Колунда кармап турган нерсени жыландын башы дейт. Ал кезинде атамдын бешигинде, бой тарткан курагында моюнунда, кийин менин бешигимде илинип турган экен. Атам каза болуп, биздин үй-бүлө чачылганда, ал сөөк ушул эжебиздин колунда калыптыр. “Бул чоң энеңден калган тумар, сен алып жүр” дейт. Албадым. Атамды сактабаган тумар мени сактамак беле...”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Зайырбектин датасы жок күндөрү уланат

***

Зайырбек акындын айрыкча кенже кызы Карлыгач менен болгон маектери, анын окуялары, балалык баёолугу окурман жүзүнө жылмаюу тартуулайт. Карлыгачтын таттуу сөздөрүн Фейсбуктагы көпчүлүк окурмандар да далай окушкан.

***

Карлыгач менен айтышуу:

- Ата, сизге тайындым. Башка ата таап алам...
- Бар, тапсаң таап ал. Мен деле башка кыз таап алам. Сендей тентек кызды эч ким деле кыз кылбайт...
- Тоолордун башында жашаган чоң атама кыз болом...
- Сенин чоң атаң жок, ал мурун эле өлүп калган.
- А мен чоң атамды ойготуп алам. "Туй, чоң ата, мен атасы жок калдым" десем туруп келет.

***

- Ата, азый сизге апам таайынат.
- Эмнеге?
- Айтпайм, азый көйөсүз.
- Айтчы, жакшы кызсың го.
- Апама айтпайсызбы?
- Айтпайм.
- Мен оозума помада коюп бетиңизден өөп койдум да. Бетиңиз помада, хи-хи-хи.
- Желмогу-уз, сен муну кайдан билесиң?

***

“Үйдө шайлоо тууралуу сөз жүрүп жатат.
Карлыгач:
- Ата, ата дейм, мен кимди шайлайм анда?
- Сени мени шайлайсың да, кызым...
- Ээ, жок...
- Эмнеге? Апаңды шайла анда...
- Жо-ок...
- Кимди шайлагың келип атат?
- Ымм... мен Лакини (ити) шайлай берейинчи, ата. Аны эч ким шайлабайт экен..”

***

“Шакем (айтылуу акын Шайлообек Дүйшеев) экөөбүз эртең менен жумушта кобурашып турганбыз. Аңгыча эшик тыкылдап калды. Шакем шуулдап каалга ачканга чуркап жөнөдү. Мен улуу кишинин менден озунуп жөнөгөнүнө ыңгайсызданып кошо бастым. Анда Шакем: “Мен жетиммин, сен да жетимсиң да ээ? Биз ушундай элпек болобуз,” - деп атпайбы. Анан да: “Студент кезде мени менден кичинекей балдар жумшап ийсе деле чуркап жөнөчүмүн. Азыр деле жашым келип калганына карабай элден мурун элпектик кылып ием. Башкалар кызматтан алып койсо өлүп калып жатпайбы. Экөөбүз эзели өлмөк эмеспиз. Кет дегенге жеткирбей эле шыпылдаган бойдон жөнөйт элек”, - деп күлдүрдү...”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Ырда калат тайыздыгым, тереңим...”. Зайырбек акынды эскерүү

Ырдаса да, ыйласа да жарашкан акын

“Датасы жок күндөр” аталышындагы китептердеги ой-толгоолордун аныгында эле датасы жок. Бирок 2014-жылдан 2020-жылга чейинки окуялар арбын жазылган. Жеке тагдырынан, үй-бүлөсүнөн сырткары замандаштарын эскергени, алар менен болгон кызыктуу учурлары да бар. Жогоруда эл акыны, бир канча жыл кесиптеш болгон агасы Шайлообек Дүйшеев менен болгон күнүмдүк бир окуясын жазып жатпайбы. Ушу жерден шаа акын Шайлообек агабыздын көңүлгө кыттай уюган бир кебин эстеп кеттим. Анысы дал ушул жетимдик жөнүндө. (Бул “Агындыларда” да айтылса керек эле.) “Мен өзүм ата тарбиясын көрбөй чоңойдум, анан балдарыма кандай ата болом деп ойлоном” дегендей мааниде эле. Зайырбек агамдан да дайыма атасына болгон өксүк билинип турчу. Анысы айрыкча атадан жаш калган мага да тааныш эле. Ушул себептен ал менен ата тууралуу баарлашкым келе берчү. Азбы-көппү баарлашып да калдык.

Дагы караңыз

"Мен Кыргызмын, келечекмин, максатмын". Ырга айланган Зайырбек

Бир ирет кайсы бир майрамдык кечеден бирге чыгып, анын “Сефиросуна” отуруп, аянт тарапка бирге сапар алдык. Жол бою кызуу сүйлөшүп барганбыз. 30 жашка чыга элек мен ошол кезде экинчи ирет ата болуу алдында тургам. Акын агамдан бала тарбиялоо тууралуу кеп-кеңеш сурасам керек. Ошондо ал берилип сүйлөп жатып:

“Мен азыр кырктан өттүм. Турмуштун ысык-суугун далай көрдүк да. Эрте турмуш курдум. Бирок кайсы бир белгилүү адамдын мени менен жашташ кырктан өткөн баласы аликүнчө компьютердик оюндарды ойноп, ошол оюндар менен алек экен. Атасы аны тарбиялай албай айласы кетиптир”, - деп калды. Ойлосом, “аталуу болгон үчүн ойлонбой чоңойду да” деген кепти айткысы келген окшойт. Ушундан кийин туура эки айга жетип-жетпей көзү өтүп кетти.

Закем менимче чынында эле жакшы ата болчу. “Датасы жок күндөрдө” балдары тууралуу жазылбаган окуяларын, кептерин да угуп калдым өзүнөн. Ал балдары тууралуу көп санааркап, алардын келечегин ойлойт эле. А дегеле атадан эрте калган эркек балдар айрыкча баласаак болуп калат окшойт. Мен көргөн өксүктү көрбөсүн дейт окшойт...

Эми бул анын акындык тагдыры, мүнөзү тууралуу кеп. Ал эми ал кыргыздын мекенчил уулу катары, белгилүү акыны катары элдин уктап-жаткан аң-сезимин ойготкон ырларды да арбын жазды. Ал ырдаса деле, ыйласа деле, күлсө деле, күйсө деле жарашып тургандай сезилчү. Айрым калемгерлердин жашаганы башка, жазганы башка болсо, Ажыматовдун кулк-мүнөзү, сезимдери ырларынан да көрүнүп турар эле.

"Мекенчил болбо - камаласың"

Кара сөз түрүндөгү мурас болуп калган китебинде ал өлкөдөгү саясий айдыңды, шайлоо процесстерин сынга алат, эл башчыларын ырааттуу тамашага салып чымчыйт, кай бирде какшыктайт.

***

- Кошуна, шайлоодо кимге добуш бересиң?
- Эч кимге...
- Эмнеге?
- Талапкерлердин арасында мага жага турган сулуу, назик, мээримдүү аялзаты жок болуп атпайбы...
- Кызык го... түшүнгөн жокмун. Бул жерде аялдардын эмне тиешеси бар?
- Кээ бир келинчектер талапкерлерди бой-келбетине жараша тандап атат дешет ко. Биз алардан кем белек. Мени эркектер кызыктырбайт.

***

“Ойлоп, ойлоп отурсам, ЖКдагы 120 депутаттын он чактысын эле тааныйт экем. Калганы кайда? Ушу жагынан алып караганда депутаттык мандат накта мага ылайыктуу экен. Майда-чүйдө маселелерге аралашпай, (себеби акылым жетпейт да) жалаң ыр чиймелеп, беш жылымды жок дегенде түзүгүрөөк бирдеме жазганга, китеп окуганга жумшамакмын. Оо-у-уу... беш жылда далай китеп окулат эле. Мамлекет ансыз деле үнү чыкпаган жүз чакты БАЛЫК депутатты багып атпайбы... Менин өлкөгө кошкон салымым - Кыргызстан бир окумал кишиге көбөймөк. Айлыкты акташ үчүн ар кандай маселелер учурунда ЫР окуп, же Карлыгачтын жоруктарын айтып берип турмакмын”.

***

Кимдер президенттик такка талапкер болот? Менимче, өз мамлекетинин ички жана тышкы көйгөйлөрүн жакшы билген, аны оңдоп кетүүгө көзү жеткен, эл үчүн өз кызматын арнагысы келген кеменгер атуулдар... (эми ушинтип жакшы ойлой береличи). Демек бүгүнкү он үч талапкердин ар бири азамат! Чиркиндики, булардын кимиси президент болсо да кайра ушул атаандаштарынын арасынан тажрыйбалуу адистерди тандап алып, ак, көк, кызыл, жашыл деп бөлбөй, бир команда түзүп күчтүү, таза, тыкан, руху бай, духу бийик, мыйзамы бышык, куштай эркин, билимдүү мамлекет курууга жан үрөп киришсе... Себеби максаттары бирөө эле да. Ал - өлкөнү өнүктүрүү. Эмнеге ошол максат үчүн чогуу күрөшкөнгө болбойт? Бөлүнүүлөрдүн, тирешүүлөрдүн, былжыраган саясий оюндардын кимге кереги бар?

***

Мекенчил болбо - камаласың,
Ак ниет болбо - сабаласың!
Акыйкат болбо- соттолосуң,
Чындыкты айтпа - жок болосуң...

***

“Азыр адам эмес, акча жашап жатат” дейт бир агабыз. Ошондо бизге окшогон бирде акчасы бар, бирде сокур тыйыны жок жүргөндөр “өлүп тирилгендер” болуп калабы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Зайырбекти замандаштары эскерет

Окурмандар барда тирүүсүз!

Китеп ушундай накыл ойлорго бай. Акын кырктын кырында туруп мекен, өмүр, өлүм тууралуу көп ойлонгон. Мындан сырткары өзүн буюккан муундун өкүлдөрүнүн бири катары атап, өткөөл доордун ысык-суугунда калган жаштыгын көр эскерген. Кийинки кезде деле көртириликтен тажаганын, мындай чакта ага бактылуу балдары жашаган бейпил үйү гана дем болорун, ыйыктыгы сезилерин жазып кетиптир. Бир берилген өмүрдө пенделерге кең келечек каалап, бири-бирине жакшылык гана жасоого чакырык таштаптыр.

Негизи “Датасы жок күндөр” китеби 2022-жылы май айында акындын туулган күнүнө карата замандаштарынын колдоосунда жарык көргөн. Бул китеби менен катар “Доско кат” аттуу поэтикалык жыйнагы да чыкты. Ага маркум акындын буга чейин китеп болуп жарык көргөн жана жазылып, бирок жарыяланбай калган ырлары, поэмалары топтолгон. Эми аталган эки китеп быйыл да кайрадан басылып чыкты. Бул ишке салым кошкон акын Нурлан Калыбековго, манасчы Рысбай Исаковго, жубайы Анархан Жансариевага, үзөңгүлөштөрү Улан Турдалиевге, Эрлан Жумагазиевге, Мирлан Самыйкожого, Кундуз Качкынбаевага жана Түмөнбай Колдошовго ыраазычылык билдиребиз.

Бул китептер эми акындан калган кезектеги таберик болор. Сөз баалаган окурмандан барда Зайырбек Ажыматовдун чыгармаларынын баалуулугу дагы да арта берер.

Заке, окурмандар барда сиз дайым тирүүсүз!