Казакстандын Атырау облусунун райондор аралык экономикалык соту "Слава Україні" аттуу кайрымдуулук фондун жоюу чечимин кабыл алды. Орусиянын агрессиясынан жапа чеккен кишилерге жардам берип келген уюмду жабуу чечими тууралуу Казакстандын адам укуктары боюнча эл аралык бюросу билдирди.
Маалыматка караганда, фонддун каттоосун мыйзамсыз деп таануу чечими ноябрда эле чыккан, ал жөнүндө азыр гана белгилүү болду. Укук коргоочулар фонд каттоодөн өткөн убакыт менен аны мыйзамсыз деп тааныган чечимдин ортосунда болгону эки жума өткөнүн белгилешет.
Соттун чечимине караганда, юстиция департаменти “фонддун уставы Казакстандын мыйзамдарына төп келбейт, ал кемчиликтерди жоюу мүмкүн эмес” деп эсептейт.
Адам укуктары бюросуна берген комментарийде фонддун жетекчиси Турарбек Кусаинов кыска мөөнөттө Украинага дээрлик 11 миң доллар жардам чогултуп жөнөтүүгө үлгүрүшкөнүн айтып берди. Анын пикиринде, казак бийлигин фондду жабууга Орусия түрткөн.
Ушу тапта кошуна өлкөдө Украинага көмөк көрсөткөн бир нече кайрымдуулук фонддору жана ыктыярчылардын уюмдары бар. Казакстанда гуманитардык жардам чогултуудан тышкары украин жергесинде жашаган казак диаспорасынын өкүлдөрү түрдүү долбоорлор, анын ичинде “урагыс боз үйлөрү” аркылуу колдоо көргөзүп жатышат.
Дагы караңыз
Cот Олжобай Шакирге айыбын угузду, жазуучу аны четке какты"Манаска" жана молдолорго каршы чабуул: КГБ сандыгына түшкөн кол жазмалар Венадагы Салтанат Сакембаева Кремлге кантип жардам берген?