Тажиктердин атлас токуу, түркмөндөрдүн ахалтеке таптоо өнөрү ЮНЕСКО тизмесине кирди

Атлас кездемесин токуу. Тажикстан

ЮНЕСКО материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине тажиктердин атлас жана адрас кездемелерин токуу өнөрүн жана түркмөндөрдүн ахалтеке аттарын таптоо чеберчилигин, ат жабдыктарындагы оймо-чиймени киргизди.

Тиешелүү чечим 5-декабрда уюмдун Мамлекеттер аралык комитетинин сессиясында кабыл алынды.

Жибектен жасалган атлас жана жибек менен пахтадан токулган адрасты жасоого көп күч, каражат жумшалат. Бул табигый кездемелердин фестивалдары Тажикстандын жер-жеринде өткөрүлүп турат.

Жылкынын ахалтеке тукуму Түркмөнстандын аймагында багылган. 2018-жылы ошол кездеги президент Гурбангулы Бердымухамедов Ахалтеке күнүн улуттук майрам катары жарыялап, апрелдин акыркы жекшембисинде белгиленип жүрөт. Андан тышкары аттардын укуктары мыйзамда бекитилген. Алар атайын бөлүнгөн көрүстөнгө көмүлөт.

Буга чейин ЮНЕСКОнун ушул эле тизмесине хорезмдик лязги деген бий, өзбектердин палоо салты менен маданияты, түркмөндөрдүн килем токуу, кыргыздардын ак калпак тигүү өнөрү жана аны кийүү ыкмасы кирген.

Дагы караңыз

Газа: Хан-Юнис шаарында көчө кармаштары жүрүп жатат Сот Олжобай Шакирге айыбын угузду Бейшеналиев: Атамды уят кылбаш үчүн жоопкерчилик алдым