Казакстан санкция салынган жүктү Европага Түркмөнстан жана Иран кирген Түштүк маршрут аркылуу ташууну макулдашты. Казак Транспорт министрлиги билдиргендей, Беларус менен Европанын ортосундагы 13 чек ара пунктунун сегизи иштебей турат. Орусия-Финляндия чек арасындагы өткөрмө бекеттери да жабылган.
«Мындай кырдаалдан улам казакстандык унаа каражаттары Беларус-Литва жана Латвия чек арасында көбүрөөк туруп калды. Андыктан биз жүктү Европага жеткирүү үчүн Түркмөнстан жана Иран менен транзит тууралуу сүйлөштүк”, - деп билдирди казакстандык мекеме.
Түштүк маршрут аркылуу жүк ташуу мөөнөтү узагыраак болот, бирок ал жол алтернатива катары аталууда.
Беларустун маалыматына караганда, европалык өткөөлдөрдүн 40% гана иштеп атат.
Дагы караңыз
Израил армиясы Газанын түштүгүнө аба соккусун уланттыӨзбекстанда блогер, Казакстанда журналисттер абакка кесилди5-декабрь: Патент узартылды, 24 чакырым чек ара, “караларга” каршы мыйзам