Шейшембиде Орусиянын айрым аймактарында арктикалык суук күч алып, Сибирдин кээ бир жерлеринде абанын температурасы 58 градуска чейин төмөндөдү.
Дүйнөдөгү эң суук шаарлардын бири – Якутскини дрондордон тартылган сүрөттөр көргөзгөндөй, ызгаардуу булуттар жана коюу туман каптады.
Саха жумуриятынын (Якутия) бир нече жеринде шейшембиге караган түнү абанын температурасы 55 градустан, Оймякон шаарчасында 58 градустан төмөн болду.
Синоптиктер нымдуулуктан жана шамалдан улам абанын табы -63кө жетиши мумкүн деп эскертишти.
Дагы караңыз
Соодагерлерге 2024-жылдын июлуна чейин патент менен иштөөгө уруксат берилдиККМ акция: Соодагерлер алты ай патент менен иштейт HRW өзбекстандык блогердин сегиз жылга кесилишин айыптады