Казакстанда журналист жубайлар соттолду

Владимир жана Наргиз.

Алматынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык соту журналист Владимир Северныйды жети жылга, анын жубайы Наргиз Севернаяны сегиз жылга эркиндигинен ажыратты. Аларга "Өзгөчө ири өлчөмдө акча опузалоо" беренеси менен айып тагылды.

Айыптоочу тарап журналист жубайларды 11 жылдан эркинен ажыратуу жазасын сураган. Айыпталуучулар өз аракеттеринде эч кандай кылмыштын курамы жок экенин айтып, соттон аларды актоону өтүнгөн.

Айыптоо өкүмүнө ылайык, жубайлар 2019-жылы өлкөдөгү кофеканалардын бири жөнүндө терс маанидеги макаланы жарыялабоо үчүн анын ээсинен 200 миң теңге (432 доллар) алышкан. Андан соң алар Казакстандын аскер кызматкерлери үчүн азык-түлүк жеткирген "Берекет Ф" фирмасынын ээсинен 15 миллион теңге (32,4 миң доллар) талап кылышкан. Быйыл апрелде журналист жубайлар бул сумманын бир бөлүгүн (5 миллион теңге) алып жаткан учурда кармалышкан.

Сот отурумуна катышкан "Настоящее Время" телеканалынын кабарчысы билдиргендей, Наргиз Севернаяга карата чыккан өкүмдүн күчүнө кирүү мөөнөтү кийинкиге жылдырылса, күйөөсү Владимир Северный эпизоддордун бири боюнча акталды.

Владимир Северный узак жылдар бою аскердик кабарчы болуп иштеген. Жубайлар кармалардын алдында Наргиз Северная армиядагы көйгөйлөр жөнүндө айтып келген күйөөсүнө каршы чагымчыл аракеттер күтүлүп жатканын соцтармактарга жазган.

Журналисттер өздөрүнө козголгон кылмыш иштерин "буйрутма" деп эсептешет.

Наргиз Северная сот өкүмүнө сөзсүз түрдө даттанышарын "Республика" басылмасына билдирген.

Активисттер Казакстанда сөз эркиндигине каршы жапырт куугунтук жүрүп жатканын, активист, журналист, блогерлерди камоо кеңири жайылганын айтып келет.

Октябрь айында Казакстандын Ички иштер министрлиги "Бәсе" YouТube каналынын авторлору, казакстандык Айдос жана Наталья Садыковдорду "социалдык, улуттук, диний кастыкка шыкактаган" деп айып тагып, издөө жарыялаган.

Дагы караңыз

Өзбекстанда кримтөбөл, "мыйзамдагы ууру" кармалды Замирбек Базарбеков паракор соттор, Ташиевдин сыны, Атамбаевдин соту, Кемпир-Абад иши тууралуу Президент Жапаров бийлик "паспорт мафиясы менен күрөшүп жатканын" айттыАк үй: Киевге жардамга бөлүнгөн акча жыл соңунда түгөнөтЖасалма интеллект жашоону жеңилдетеби?