Мамкатчы: туу боюнча депутаттар элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Сүйүнбек Касмамбетов.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов желекти өзгөртүү демилгеси тууралуу комментарий берди.

Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примовдун мамлекеттик тууга өзгөртүү киргизүү сунушун президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана өзү да колдогонун билдирди.

“Азыркы биздин туубуз эгемен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дүйнөгө бүлүк салганы коомдук талкууда байкалууда. Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары, элдин мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу”, - деп жазды Сүйүнбек Касмамбетов.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo)

Дагы караңыз

Германия Париждеги туристтерге кол салууну айыптадыНАТО: Украинаны кандай гана учур болбосун колдоо керекӨзбекстанда кримтөбөл атыккан Салим Абдувалиев кармалганы кабарланды Украина туткунга түшкөн аскерлери атылганы тууралуу видеону текшерүүдөКамала Харрис Газанын келечеги тууралуу көз карашын айттыФилиппинде 7,6 баллдык жер титирөө болду