Израил Газага чабуулун жандантты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Израил армиясы Газа секторунда согуштук аракеттерин кайрадан жандантканын расмий жарыялады. Мекеме АКШда жана Евробиримдик аймагында террордук деп таанылган ХАМАС тобун "атышпоо режимин бузуп, Израилдин аймагын аткылады" деп айыптады. Газа тилкесинин саламаттыкты сактоо министрлиги 32 жай тургун набыт болгонун билдирди. Соңку кырдаалга кабарчыбыз Элвира Будайчиева токтолот.