Свердлов райондук ички иштер бөлүмү “Дордой” базарында нааразылык акция учурунда бир адамды жулмалап, денесине залал келтирген деген шек менен бир киши кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.
Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.
30-ноябрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарынын айрым соодагерлери көзөмөл-кассалык машинесин (ККМ) колдонууга каршы акцияга чыгып, өкмөт патент менен иштөө системасын калтырып, ишкерлерге шарт түзүп бериши керектигин айтышкан.
Акция учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Урмат Токтожумаев менен соодагерлердин ортосунда пикир келишпестик чыккан. Урмат Токтожумаевди милиция элдин арасынан чыгарып кеткен.
Салык саясатына каршы ушул эле күнү Бишкектеги “Мадина” базарынын соодагерлери иш таштап, “Орто-Сай” базарында иштегендер да нааразылык акция өткөрүшкөн. (BTo)
Дагы караңыз
Ташиев чек ара боюнча жолугушууларга катышуу үчүн Тажикстанга учуп кеттиТурак жай кооперативдеринин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам күчүнө кирдиКазак прокурору абакка кесилген Жыланбаевдин сот өкүмү боюнча жооп берген жок Ташиев "интимдик кызматтан колдонгон" аткаминерлердин тизмеси бардыгын айттыЗеленский Купянскидеги согуш тилкесине барды