Дүйнөлүк банк Кыргызстанга абанын булганышы менен күрөшүүгө 50 миллион доллар бөлөт. Банктын Аткаруучу директорлорунун кеңеши бул чечимди 29-ноябрда бекиткен. Каражат 50 жылдык мөөнөт менен жеңилдетилген насыя катары берилет.
Акча Кыргызстанда абанын сапаты боюнча маалыматтарды чогултууну жана талдоону жакшыртууга, үйлөрдү экологиялык жактан таза жылытуу системасына өтүүгө жардам берүүгө, Бишкек шаарын жашылдандыруу жана шаардын ирригациялык системасын оңдоого жумшалат.
Бишкек соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөдөгү абасы булганган жана эң кир шаарлардын сап башынан түшпөй келет.
Кыш мезгилинде борбор калаадагы абанын булганышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган абанын сапаты боюнча нормадан дээрлик 30 эсеге жогору болот. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын «Бишкектеги абанын булганышы менен күрөшүү: абанын сапатын жакшыртуу боюнча жол картасы» деп аталган иликтөөсүндө айтылган.
Абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаалар булгай турганы айтылган. (BTo)
Дагы караңыз
Орус армиясы Украинанын аймагына “Шахеддер” менен сокку урду Ташиев кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын айттыАлматыда хостелде чыккан өрттөн 13 киши каза болду“Дордойдун” соодагерлери Акылбек Жапаровдун келишин талап кылуудаКурулуш компаниялары куруп жаткан имаратты реестрге каттоого милдеттүү болот Салык кызматы "Дордой", "Кара-Суу" базарлары боюнча түшүндүрмө берди Бишкектеги "Мадина" базарынын соодагерлери иш таштадыГазада барымтага алынгандардын дагы бир тобу бошотулду