Ташиев кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев. 30-ноябрь, 2023-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында аткезчилик кайра жанданганын билдирди.

Бул тууралуу ал 30-ноябрда атайын кызматтын Ысык-Көл облусу боюнча Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Камчыбек Ташиев республикадагы кырдаалдын үчүнчү терс көрүнүшү катары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын кошумчалады. Буга байланыштуу мамлекеттик бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине Баткен облусунун аймагындагы аткезчиликти толугу менен токтотууга багытталган комплекстүү иш-чараларды күчөтүү зарылчылыгы айтылды”, - деп жазылган маалыматта.

Камчыбек Ташиев улуттук коопсуздук органдарынын дагы бир артыкчылыктуу милдети - коррупциялык иштерге тиешеси бар судьяларга каршы күрөш жүргүзүү экенин айтты.

2021-жылы апрель айында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

2022-жылдын сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

2021-жылдагы куралдуу кагылыштан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын толугу менен бир тараптуу жапкан. Коомчулукта жана парламентте чек ара жабылганы менен аткезчилик дагы деле токтобой жатканы айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Алматыда хостелде чыккан өрттөн 13 киши каза болду“Дордойдун” соодагерлери Акылбек Жапаровдун келишин талап кылуудаКурулуш компаниялары куруп жаткан имаратты реестрге каттоого милдеттүү болот Салык кызматы "Дордой", "Кара-Суу" базарлары боюнча түшүндүрмө берди Бишкектеги "Мадина" базарынын соодагерлери иш таштадыГазада барымтага алынгандардын дагы бир тобу бошотулду