Социалдык тармактарда тууну өзгөртүүгө каршы флешмоб өтүп жатат

Кыргызстандын азыркы туусу, депутаттар сунушутаган туунун биринчи варианты жана акыркы варианты. (солдон оңго карай) Коллаж.

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип флешмоб өткөрүп жатышат. Фейсбукта “желегимди жерибе”, “желекке тийбе” деген постторду жарыялап, президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдына да пикирлерин жазышууда.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

“Азаттык” радиосу YouTube платформасында желекти өзгөртүү демилгеси боюнча сурамжылоо жүргүзүүдө. 30-ноябрга карата сурамжылоого 32 миң киши катышты. Алардын 79% учурдагы туу калсын деп добуш берди. 3% эки депутат сунуштаган, 13% президент сунуштаган вариантты колдоду. 5% депутаттар иштеп чыккан баштапкы вариантына добуш беришти.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo)

Дагы караңыз

Алматыда хостелде чыккан өрттөн 13 киши каза болдуАКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Киссинжер 100 жашында дүйнө салдыУкраинанын президенти Зеленский Одессага барды «Росатом» Өзбекстан менен АЭС келишимине кол коюуга чукулдап калганын маалымдадыМелис Аспековдун бөгөт чарасынын мөөнөтү эки айга узартылды