Казакстандын Алматы шаарында 30-ноябрдын таңында хостелде чыккан өрттөн 13 киши каза болду.
Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы Алматынын Өзгөчө кырдаалдар департаментине таянып жазды.
Алдын ала маалыматка караганда, үч кабаттуу үйдүн биринчи кабатындагы хостелди өрт чалган. Анда 72 киши болгон. Алардын ичинен 59 адам өз алдынча качып чыгып, калгандары түтүнгө ууланып калган. Дагы үчөө ооруканага жеткирилди.
Өрттү өчүрүү үчүн 13 техника тартылып, 46 өрт өчүрүүчү иштеди. Тилсиз жоонун себептери иликтенүүдө.
Август айында Алматыда 16 кабаттуу үйлөрдүн биринде тутанган өрттөн бир аял каза таап, 40тан ашык адам жабыркаган. Бул окуядан кийин өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин сакталышы боюнча талкуулар күчөгөн. (BTo)
Дагы караңыз
Украинанын президенти Зеленский Одессага барды «Росатом» Өзбекстан менен АЭС келишимине кол коюуга чукулдап калганын маалымдадыМелис Аспековдун бөгөт чарасынын мөөнөтү эки айга узартылдыЕвропарламент Украинанын мүчөлүк макамын колдодуУКМК Ысык-Көлдө Көлбаевге өтүп кеткен жер тилкеси үчүн төрт киши кармалганын билдирди