Украинанын президенти Зеленский Одессага барды

Одесса шаарынын тургуну, 27-ноябрь, 2023-жыл.

29-ноябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн түштүгүндөгү Одесса аймагындагы жарандык жана аскердик бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.

"Көптөгөн маанилүү суроолор бар. Кара деңиздеги кырдаал, минага каршы күрөш жана "дан коридорунун" коопсуздугун камсыз кылуу", - деп жазды Зеленский Телеграм-каналына.

Украин лидери ошондой эле Одессада жана түштүк аймактарда аба ырайы кескин бузулганын, кеминде 12 адам каза болуп, 23 адам жараат алганын билдирди. Зеленский бул аймакты калыбына келтирүү аракеттерин талкуулоо үчүн жарандык бийлик менен жолугушканы да кабарланды.

Ал ортодо Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Брюсселде өтүп жаткан НАТО-Украина кеңешинин жыйынына катышты. Ал Киевдин өнөктөштөрүн Орусиянын баскынчылыгына каршы Украинага жеткириле турган курал-жарак жана ок-дарыны көбөйтүүгө чакырды.

"Бүтүндөй Европанын коопсуздугунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн коргонуу өнөр жай өндүрүшүн көбөйтүү зарыл" - деди Кулеба.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел быйыл жазда үч баскычтуу планын жарыялаган. Ага ылайык, Евробиримдик Украинага 12 ай ичинде адегенде учурдагы запастар аркылуу, андан кийин биргелешкен сатып алуу келишимдери жана өндүрүштү көбөйтүү аркылуу бир миллион артиллериялык курал менен камсыздашы керек болчу.

28-ноябрда Европарламент Украинага Европа Биримдигине мүчөлүк макамын берүү чечимин колдоду. Европарламент менен Украинанын Жогорку Радасынын ортосунда жаңыртылган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Дагы караңыз

Орусиянын беш облусундагы дрон чабуулу: Бутага мунай базалар алынды Жаңы салык cаясаты: Кара-Сууда соодагерлер акцияга чыкты "Күчтү өлкөнү өнүктүрүүгө жумшаса болмок". Туунун талаштуу тагдырыМатраимов "мафиясы" кайдан чыкты?