Газа: Арачылар ок атпоо режимин улантууну сүйлөшүүдө

Газа тилкесинин борборундагы согушта талкаланган үйлөр. 28-ноябрь, 2023-жыл.

Эл аралык арачылар Газа тилкесинде ок атпоо режимин улантуу аракетин көрүүдө. Шаршембиде ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюму барымтадан туткундардын кезектеги тобун бошотсо, Израил түрмөлөрүнөн палестиндерди чыгара турганы кабарланды.

29-ноябрда Газада согушту убактылуу токтотуунун эки күндүк мөөнөтү аяктайт.

Израил өкмөтүнүн өкүлү Эйлон Леви Газадагы ок атпоо режими "үчкө бир" кишини айырбаштоо менен беш күнгө узартылышы ыктымал экенин шейшембиде билдирген.

AFP агенттиги өз булактарына таянып, ХАМАС радикал тобу дагы “ок атпоону төрт күнгө узартууга” макул экенин жазды.

Газадагы согушту токтотуу боюнча башкы арачы Катарда сүйлөшүүлөр уланууда. Доха шаарына АКШнын Башкы чалгын башкармалагынын жетекчиси Уильям Бёрнс, Израилдин Чалгын кызматынын (Моссад) башчысы Давид Барнеа жана Египеттин чалгын кызматынын жетекчиси Аббас Камел барганы маалым болду.

Бёрнс жана Барнеа Катардын премьер-министри Мохаммед бин-Абдурахманом Аль-Тани менен өзүнчө кезиккени тууралуу кабар тарады.

24-ноябрда жаатташкан эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуу күчүнө киргенден бери ХАМАС радикал уюму барымтадан жапысынан 51 туткунду бошотту. Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган палестиндердин саны 350гө жетти.

ХАМАСтын согушкерлери Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган.

Газада согуш башталганы 15 миңдей палестин набыт болуп, гуманитардык кризис уланууда. БУУ соңку күндөрү толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйттү. Бирок ал деле Газа тилкесинде аргасыз жер которгон 1.8 миллион тургундун "эң зарыл керектөөсүнө өп-чап жетерин" дүйнөлүк уюм эскертти.

Дагы караңыз

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар "ИДП 1 трлн". Өкмөт айткан өнүгүү, жан кейиткен жакырчылык"Педофилдин жүзүн жабышат". Сойкуканадагы рейдден чыккан суроо Жемкорлукка каршы күрөш, кылтакка түшкөн кеңешчилер