Министрдин орун басары менчик тиш доктур, косметологдор гепатитти жайылтып жатканын айтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда тиш дарылоочу жеке жайлар жана косметологиялык салондор гепатит илдетинин жайылышына негизги себепкер болуп жатканын 29-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, гепатиттин В, С жана Д түрлөрү косметологиялык салондордо, стоматологиялык жеке клиникаларда жугуп жатканы “чоң көйгөй” болууда, ал эми мамлекеттик медицина жайларында мындай коркунуч жок, анткени аларда медициналык шаймандарды стерилизациялоо иштери тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөнөт.

Жеке клиникаларга лицензияны министрлик берерин, тийиштүү шаймандарды стерилизациядан өткөрүүчү автоклав сөзсүз болушу керек деген шарт коюларын айткан жетекчи, жашыруун иштеп жаткандар бар экенин, аларды көзөмөлдөө мүмкүн эместигин, автоклавын санитардык дарыгер барганда көрсөтүп, аны кайра башкаларга берип коюшу да ыктымал болуп жатканын айтты.

Исмаилов билдиргендей, гепатитке чалдыккандар боюнча статистиканы тактоо иши эми жолго коюлууда:

“Вирустук гепатитке каршы дары каражаттары берилген. 4 миң кишидей каттоодо турчу. Эми ошол дарыны бере баштаганда кайрылгандар көбөйүп, 7-8 миңге жетти. Баштапкы медициналык уюмдарда каттоого ала баштадык”.

Исмаиловдун айтымында, санитардык дарыгерлер менен текшерүү жүргүзүлүп, медициналык кызмат көрсөткөн жеке клиникалардын айрымдарына эскертүү берилүүдө, кээ бирлерин жабуу сунушталууда.

Кыргызстанда гепатиттин В жана С түрлөрү соңку кезде дээрлик эки эсе көбөйгөнү, болжол менен 150 миңдей адам бул илдет менен ооруп жүргөнү, инфекцияны жугузуп алганын билбегендер көп болгондуктан, бул сан мындан дагы өсүшү мүмкүн экени буга чейин айтылган. (RK)

Дагы караңыз

Аба ырайы: жаан жаайтКөлбаевге байланыштуу кармалган Өзгөндүн мэринин бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды Садыр Жапаров Дубайда климаттын өзгөрүшүн талкуулаган жыйында сүйлөйт "Педофилдин жүзүн жабышат". Сойкуканадагы рейдден чыккан суроо