Столтенберг Вашингтон Украинага колдоосун улантат деген ишенимин билдирди

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг АКШ Украинага Орусиянын агрессиясына каршы турууда колдоо көрсөтүүнү улантат деген ниетте экенин билдирди. Ал мындай пикири менен 28-ноябрда, альянска мүчө 31 мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин жыйынында бөлүштү.

“Кошмо Штаттар колдоо көрсөтүүнү улантарына ишенем, анткени бул АКШнын өзүнүн коопсуздугунун кызыкчылыгына жооп берет”,-деди Столтенберг.

АКШ президенти Жо Байден өткөн айда Украинага 61,4 миллиард доллар кошумча жардам бөлүүнү Конгресстен сураган. Азырынча буга айрым республикачылар каршы чыгып жатышат.

Politico басылмасы жазгандай, Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон 27-ноябрда Конгресс Украинага жана Израилге жардамды бекитет деген ишеничте экенин айткан.

Столтенберг башка союздаштарды дагы колдоо көрсөтүүгө чакырып, Германия менен Нидерланддын 10 миллиард евролук аскердик жардам көрсөтүү тууралуу билдирүүсүн кубаттады.

Дагы караңыз

Өзбекстанда прокурор блогерди 9,5 жылга эркинен ажыратууну сурадыОрусияда мобилизацияга тартылгандардын аялдары флешмоб уюштурдуУкраинадагы согушка катышкан казак жараны алты жылга кесилди