Европанын Жогорку Соту 28-ноябрда чыгарган чечимге ылайык, Евробиримдикке мүчө мамлекеттердеги мекемелер өз кызматкерлерине диний белгилерди ачык көрсөтүүгө, анын ичинен жоолук оронууга тыюу сала алат.
Мындай чечимдин чыгышына Бельгиядагы окуя түрткү болду. Анс шаарында мамлекеттик мекемеде иштеген аялга жоолук салынууга тыюу салынган. Мындан улам ал аял диний укугу бузулуп жатканын жүйө келтирип сотко арыз жазган. Сот өз кезегинде фундаменталдык түшүндүрмө алуу үчүн Европа сотуна кайрылган.
Жоолук, хижаб маселеси Европа мамлекеттеринде көптөн бери талаш-тартыш жаратып келет.
Францияда никаб, паранжыларга коомдук жайларда тыюу салынган.
Быйыл жайда расмий Париж мамлекеттик мектептерде мусулман кыз-келиндер кийген узун, кенен чапан-көйнөк - абаяга чектөө киргизген.
Мындай чечим абаяга байланыштуу бир нече айга созулган талаш-тартыштан кийин кабыл алынды. Оңчулдар жана ашынган оңчулдар мектептерде бул кийимди кийүүгө тыюу салынышын талап кылып келген.
Дагы караңыз
“Бишкекасфальтсервистин” жетекчиси Түмөнбаев кызматтан алындыУкраинанын Чалгын кызматынын башчысынын аялы ууландырылды Казакстан каракалпак активистине качкын макамын берүүдөн баш тартты